Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

27-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


«Трибуна» аттуу эркин гезиттин редакциясына 2002-жылдын 27-майдын түнү уурулар кирип, гезиттин даяр санын компьютер менен кошо алып кетишти. Өлкөдөгү бийликтин туруксуз саясатына нааразы болгон «Реформа үчүн» кыймыл 2006-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында тынч митинг өткөрдү.

Ички иштер кызматынын кабарлоосуна караганда «Трибуна» аттуу эркин гезиттин редакциясына 2002-жылдын 27-майдын түнү уурулар кирген. Беймаалым адамдар эки жарым миң америкалык доллар көлөмдөгү компьютер жана башка техникалык жабдууларды уурдашкан. Гезиттин баш редактору Ырысбек Өмүрзаковдун айтымында, компьютер менен кошо гезиттин келээрки саны кошо уурдалган жана анда өкмөт ишиндеги өксүктөр, коррупция сыяктуу материалдар жарык көрмөк.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2002-жылдын 27-май күнкү жардыгы менен типографиялык-басма ишин көзөмөлдөй турган өкмөттүн көрсөтмөсүн жокко чыгарды. Мамлекет башчысынын жардыгы «Өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик жашоосундагы маалымдоо каражаттарынын ролун арттырууга» арналып, анда каралган багыттар эларалык уюмдар тарабынан оң бааланган. Мындан тышкары, жардыкта Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясына караштуу башында мамлекеттик катчы турган коомдук көзөмөлдөө кеңешин уюштуруу маселеси каралган.

«Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерди түзүшү, ратификациялоосу, аткарышы жана денонсациялоосу» деген аталыштагы мыйзам 1994-жылдын 27-майында кабыл алынган.

Кыргызстандагы жергиликтүү бийлик бутактарын келиштирүү жана алардын иш багытын аныктоо максатында 1994-жылдын 27-май күнү «Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары туурасындагы» мыйзам чыгарылган.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев 2003-жылдын 27-май күнү Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия бөлүмүнүн жаңы директору Занг Шенгманды жана ушул эле банктын Европа жана Борбордук Азия башкармалыгынын болочок вице-президенти Шигео Кацуну кабыл алды. Сүйлөшүү жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланып, Николай Танаев Кыргызстандагы экономикалык, финансылык кырдаал туурасында маалымат берген.

Жогорку Кеңештин 2005-жылдын 27-май күнкү жыйынында экс-президент Аскар Акаевдин мүлкүн иликтөө үчүн уюшулган Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Д. Үсөнов аткарылган иш жыйынтыгы туурасында маалымат берди. Комиссия төрагасынын маалымдоосуна караганда, А. Акаев жана анын жакындарына таандык деп белгиленген 42 тизмеге дагы 136 объект кошулган. Мындан тышкары, Д. Үсөнов экс-президенттин мүлкүн иликтөө ишине америкалык «Либерман» аттуу компания тартылган.

Өлкөдөгү бийликтин туруксуз саясатына нааразы болгон «Реформа үчүн» кыймыл 2006-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында тынч митинг өткөрдү. Митингде 10 пунктан турган Резолюция кабыл алынып, эгер алар күзгө чейин аткарылбаса, Бакиев-Кулов тандеминин кызматтан кетиш талабы коюлду. «Реформа үчүн» кыймылдын жетекчилеринин бири жана митингди алып барган Мелис Эшимкановдун айтымында, митингге 30 миң чамалуу адам катышкан.

Кыргызстанда өзбек тилине расмий статус берилишин жактаган 700 чамалуу киши 2006-жылдын 27-май күнү Жалалабатта тынч митинг өткөрдү.
XS
SM
MD
LG