Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

29-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1909-жылы көпөс Ивановдун Пишпектеги пиво чыгарчуу заводу ишке киргизилген. 1928-жылдын бул күнү мурда ээленген Сүлүктүдөгү таш көмүр чыкчу кен Өзбекстандан Кыргызстанга берилгендиги кабарланды.

Россия империясы менен Кытай өлкөсү ортосундагы чегара маселесин тактоо үчүн өткөрүлгөн 1881-жылкы Санкт-Петербург келишиминин чечимин аткаруу максатында эки тарап 1884-жылдын 29-майында Жаңы-Маргелан келишимине кол коюшкан. Жаңы-Маргелан келишиминде эки өлкөнү бөлгөн чек, Какшаал кырка тоосундагы Бедел ашуусу аркылуу өткөн. Жаңы келишимге ылайык Беделден Эркечтамга чейин 28 чегара белгилери коюлуп, ал эми Беделден Узбелге чейинки аралыкка белги түшпөй бош калган. Тоолуу аймак аркылуу өткөн чегара тилкеси картага так түшүрүлбөй жана анын түшүндүрмөсү ачык жазылбагандыктан, аталган аймак Россия империясы, кийин Советтер Союзу, андан соң Кыргыз Республикасы менен Кытай мамлекеттери ортосунда талаш туудуруп келген.

Кыргызстандык көпөс Ивановдун Пишпектеги пиво чыгарчуу заводу 1909-жылы ишке киргизилген. Пивого керектелчү суу Ала-Арчадан ташылып, арпа күйүп кетпеси үчүн жумушчулар 10-12 сааттап казанды аралаштырып турушкан.
Буга чейин коңшулар тарабынан ээленип келген Сүлүктүдөгү таш көмүр чыкчу кени 1928-жылдын бул күнү Өзбекстандан Кыргызстанга кайтарылып берилгендиги кабарланды.

Ошентип, кыргыз-өзбек чегара маселесиндеги талаш участок тарыхый фактыга жараша Кыргызстандын пайдасына чечилди. Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин Президиуму коңшу өлкөдөн алынган эки волосту Сүлүктү районуна бириктирип, аларды чогуусу менен Ош кантонунун курамына кийирген.

«Фрунзеден Рыбачьеге чейин ичкиликсиз күжүрмөн жол!» деген чакырык 1933-жылдын бул күнү ташталган. Аталган чакырыкта айдоочуларга бири-бирине кичи пейил мамиле жасап, жолдо мас абалында мушташууларды токтотуу зарылчылыгы белгиленет. Мындан тышкары, айдоочуларга жылкы, төө жана эшектерди үркүтпөш үчүн түнкүсүн ылдам айдабагыла деп эскертилген.

Мурдагы Сталин, азыркы Чүй проспектисинде 1953-жылы үч кабаттуу сүрөтчүлөр үйү ачылды. Ал убак үчүн сүрөтчүлөр үйү бийик курулуш деп эсептелинип, совет архитектурасынын алдыңкы үлгүсүнүн бири катары саналган. Сүрөтчүлөр үйү бүгүн да Бишкек архитектурасынын кемелин келтирген көркөм имараттардын катарына кирет.

1958-жылдын бул күнү Чүй өрөөнүнүн аба ырайы кескин өзгөрдү. Абанын температурасы күндүз 12 градуска төмөндөп, кечкуруун жааган жамгыр катуу карга айланып, мөмө, жемиштерге зыян алып келген. Кызыгы ошол күнкү синоптиктердин билдирүүлөрү боюнча борбордо абанын температурасы 13-18 градус жылуу жана майда жамгыр жаашы күтүлөт деп кабарланган.

29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн майрам күнү. Куралдуу күчтөр күнүн белгилөө чечими 1992-жылы кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет.

Кыргызстандын «2001-2010-жж. аралыгындагы комплекстүү өнүгүү негизинин Улуттук стратегиялык программасы» 2001-жылдын 29-майында кабыл алынды.

1880-жылдын бул күнү дүйнөлүк коомдук пикирге зор өзгөрүү киргизген, таанымал ойчул Освалд Шпенглер жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG