Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Циклондон жабыр тарткан Мьянма калкына алты ай бою жардам көрсөтүлүшү керек


Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун кечээ эл аралык донорлордун конференциясында билдирди. Рангунда өтүп жаткан жыйында 50 чакты өлкө жана аймактык уюмдар Мьянмада бир ай мурда болгон каргашалуу бороон-чапкындан жапа тарткандарга берилчү каражаттын көлөмүн талкуулап жатышат. Донорлор Мьянманын бийлигин жардам көрсөтчү кызматкерлер үчүн эшигин кенен ачууга дагы бир ирээт чакырышты. Учурда Мьянмада 2.5 миллион адам чукул жардамга муктаж. Мьянманын премьер-министри Тейн Шейн өлкө эл аралык уюмдардын кызматкерлерин “биздин приоритеттерге карап” кабыл алат деп жооп кайтарды. Элге жардам көрсөтчү чет элдик дарыгерлер жана башка кызматкерлер Мьянмада канча мөөнөткө иштей алышаары жана жардамдын көлөмү азырга чейин толук аныктала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG