Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Иран ракеталык программасын күчтөндүрүшү ыктымал


“Фарс” маалымат агенттиги кабарлагандай, мындай билдирүүнү кечээ жекшемби күнү генерал Мохаммад Али Жафари жасады. Анын айтымында Ирандын реактивдүү ракета куруу программасын күчтөндүрүү максатында көз карандысыз топ түзүлүшү мүмкүн жана долбоор Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеиге жөнөтүлөт. Ирандын ракеталык программаларына айрым мамлекеттер кооптонуу менен карап турат. Ирандын "Шахаб – 3" деп аталган ракетасы 2 миң чакырымга чейин уча алат. Ал эми Израил Ирандан болгону 1 миң чакырым аралыкта жайгашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG