Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

МӨҢГҮ КАЗЫНАСЫ БӨКСӨРҮҮДӨ


Кыргызстандын мамлекеттик гимнинде aк мөңгүлүү аска-зоолорго өзгөчө басым коюлат... Асман мелжиген кыргыз тоолорунда сегиз миңден ашуун мөңгүлөр жатат. Кылымдарды карытып музга айланган мөңгүлөрдүн аянты өлкөнүн жалпы аймагынын төрт пайызын, башкача айтканда сегиз миң чарчы аянтты ээлеп жатат. Бирок да ак карлуу аска-зоолордун арманы жыл санап көбөйүп баратканы окумуштуулар тарабынан гана айтылып келүүдө. Ал эми сууну пайдалануу, энерго-байлыктардын тартыштыгы тууралуу ар кыл деңгээлдеги талкууларда мөңгүлөрдүн абалына учкай гана сөздөр айтылып келүүдө. Окумуштуулардын маалыматында өткөн кылымдын 80-жылдарынан тарта Кыргызстанда мөңгүлөрдүн азайышы байкалууда.

Кыргызстандын аймагындагы "Жеңиш", "Хан-Теңир" сыяктуу муз каптаган чокулар, Түндүк, Түштүк Эңилчек, Кайыңды, Корженевский, Мушкетов, Семёнов мөңгүлөрү дүйнөдөгү эң чоң карлуу тоо кыркаларына кирет. Борбор Азиянын кан тамыры айтылуу Сырдарыя алабындагы суулардын отуз-отуз беш пайызын мөңгүлөрдөн түшкөн сайлар түзөт.

Окумуштуулар акыркы эки он жылдыкта мөңгүлөр тез эрип, муз катмары азайып бара жатканын айтышууда. Бир жайда орто эсеп менен мөңгү катмары эки метрге чейин азайганы катталган. Жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын мөңгүлөрү отуз беш пайызга чейин кыскарышы мүмкүн деген илимий божомолдор бар.

“Кур дегенде ишти мөңгүлөрдү эсептеп, тактоодон баштоо керек. Канча мөңгүбүз калды, келечекте дагы канча мөңгү болот...?” –деди эколог-адис Муратбек Кошоев.

Кошоевдин айтымында, Кыргызстандагы мөңгүлөрдү тактап, атайын каттоого алуу совет мезгилинен бери жүргүзүлө элек. Ошондой эле мөңгүнүн бардыгы эрип кетип, дарыялар суусуз калат деген чындыкка сыйбаган сөз дейт адис:

“Мөңгүлөрдүн чөгүп калганы, албетте, байкалат. Алар деле климат сыяктуу эле өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бардыгыбыз абанын жылышы тууралуу сөз кылуудабыз, ал эми жаан-чачындардын санын эске алган киши жок. Мөңгү үчүн температурадан сырткары жаан-чачындын болушу зарыл”.

Мөңгүнүн дагы бир жашыруун сыры – бул анын башка жандуу жаратылыштай эле кыймылдап тургандыгы, же элде айтылгандай “мөңгүнүн көчүшү”.

Окумуштуулардын айтуусунда мөңгүлөр жылына орто эсеп менен ондогон-жүздөгөн метрге чейин жылышат.
Бишкектеги Кыргыз- немис Борбор Азиялык Жерди изилдөө интитутунун окумуштуулары Эңилчек мөңгүсүнө, андагы Мерцбахер көлүнө байкоо жүргүзүшүп, мөңгү катмары байкалаарлык азайгандыгын аныкташкан:

“Жыйырма жылдын ичинде Түштүк Эңилчек сегиз км. чейин кыскарган. Эми сегиз км. деген чоң нерсе да, канча суунун сапасы азайып жатат. Андан башка Мерцбахер көлү экөө эле, азыр болсо дээрлик бирөө эле калды. Үстүңкү Мерцбахер көлү мөңгү кыскарган сайын жоголуп бара жатат”,- деди аталган инститтун жетекчиси, геолог адис Болот Молдобеков.

Окумуштуулардын ырастоосунда дүйнөлүк климаттын ысышы суук мөңгү катмарына да таасирин тийгизип, алар тез эрип кетүүдө. Эгер саратан созулгандан созула берсе мөңгүлөр эрип жок болуп кетпейби деген суроого Москва Мамлекеттик Университетинин профессору, мөңгү изилдөөчү Ким Лосев мындай жооп узатты:

“Климаттын өзгөрүүсүн, анын мөңгүлөргө, дарыларга тийгизген таасирин так аныктоо эң татаал нерсе. Дүйнөлүк абанын жылышынын табияты алигиче бизге толугу менен белгисиз. Анын качан башталганы, канчага созулаары илимде так эмес. Учурда илимпоздор келечекке прогноздорду, моделдерди, сценарийлерди түзүү менен гана алек болушууда”.

Ак элечек, көк муздуу кыргыз тоолорунун куну качып баратканын илимпоздор кийинки кездери көп айтышууда. Ага Арал денизинен учкан туздуу кумдардын Алатоого чейин жетип жатышы, Кумтөрдүн алтыны үчүн Кыргызстандыгы эң ири муз тоонун талкаланып кетиши таасирин тийгизип, мөңгүнүн барк-баасы өлкө кургакчылкка туш келген чакта өзгөчө сезилүүдө дешет адистер.

Сүрөттө: Түштүк Эңилчек. Космостон тартылып алынган.

Гүлайым Ашакеева, Бишкек

XS
SM
MD
LG