Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык, Досбол Нур уулу мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ал буга чейин вице-премьер-министр кызматын аркалап келген. Мурдагы мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров “Ак жол” партиясынын тизмеси менен былтыр декабрдагы парламенттик шайлоого ат салышып кеткенден бери бул орун бош турган.(SM)