Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

АНВАР АРТЫКОВ: ПАРЛАМЕНТТЕ АК ҮЙДҮН СЦЕНАРИЙИ БОЮНЧА ШОУ БОЛУП ЖАТАТ


“Азаттыктын” таңкы уктурууларында түз байланыштагы маекте Ош областынын мурдагы губернатору Анвар Артыков болду.

-Жума күнү президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу сферасындагы маселелерге токтолуп, өзгөчө статс- катчылардын аброюн көтөрүү керектигин баса белгиледи. Азыркы башкаруу системасында статс- катчылык институту канчалык натыйжа берет?

-Мен ойлойм статc-катчы деген бизде жөн эле орусча айтканда бутафория болуп калган. Бул баягы эле министрдин орун басары, авторитардык режимдин эркин аткара турган катардагы мамлекеттик кызматчы. Канчалык айтпайлы, авторитардык режимде эч кандай демократиялык институт иштебейт.

- Анвар мырза, Жогорку Кеңештин учурдагы ишине дагы көз карашыңызды билдирип кетсеңиз. Апта соңунда парламентти оңдөп-түзөө иши депутаттар ортосунда кайчы пикирлерди жаратпадыбы. Төраганын жаңгак дүмүрлөрү, кап деп коебуз го, ошону менен Жогорку Кеңешти жаркыратып, 40 млн. сомго ремонттойбуз деген демилгеси эмне үчүн колдоо таппай калды деп ойлойсуз?

-Биринчиден, мамлекеттик чоң каражат болгон жерде, сөзсүз ошол акчадан чөнтөккө алып калыш мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошон үчүн мамлекеттик ишканалар чоң долбоорлорду өздөрүнө алганга аракеттерди жасашат. Бирок бул жерде башка нерсени айткым келип турат. Бул чырдын бардыгы менин баамым боюнча саясий шоу болуп жатат. Бул жерде сөзсүз спикер алмашат дагы, дагы башка бир киши келиш керек. Мен айтат элем, бул негизинен саясий партиянын жүзүн көрсөттү. Партия деген саясий пайдубал болгон платформанын тегерегинде чогулуш керек. Булар жөн гана ар жерден чогултуп келип, Бакиевдин авторитардык режиминин жактоочулары өзүнчө эле бир партия болуп алышкан. Бүгүнкү күндө буларда билимдин жок экени элге көрүнүп калды. Булар биринчиден партия болуп деле түптөлгөн эмес. Экинчиден, шайлоодо жеңе алган жок. Бийлик, БШК жалпы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, жасалма жол менен алынып келген партия. Сөзсүз ушундай болуш керек эле. Бул партия эгер уяты болсо, ушундай биримдик болбогондон кийин, бир саясий платформасы болбогондон кийин жөн эле тарап кетиш керек бул парламент. Бул парламент элдин ишенимин актаган жок. Себеби эл буларга ишеним берген деле эмес.

-Бирок ошондой учурда “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн пикири бөлөкчө болуп атат. Алар айтат, фракция жетекчиси менен спикердин ортосунда жеке пикир келишпестиктер бар. Ал эми “акжолчу” депутаттар мыкты иштеп атат деген ойлорун айтып атышат. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Мен бул пикирге эч качан кошулбайм. Биринчиден, шайлоонун жыйынтыгы ушул күнгө чейин чыга эле, аны элдин бардыгы билет. Экинчиден, президент деле айта турган оюн спикердин өзүнө айтып койсо болмок, ошону тим эле койгун деп. Мен айтып атпаймды, атайын жасалма шоу болуп жатат. Бул жерде кандайдыр бир ыплас оюндар болуп жатат. Мен муну менен Мадумаровду колдойм деген оюм жок, же болбосо Ибраимованы колдоюн деген оюм жок. Булар өзүнүн эркиненби, же башка жол мененби ушул оюнга катышуучу болуп калган оюнчук катарында баалайм. Булар өздөрүнүн оюн айта алган жок. Жогору жактан болгон сценарий боюнча ушул шоуну аткарып жатышат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG