Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

14:18 ЖК комитети митинг-пикеттерди өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоорду жактырды


Парламенттин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети бүгүн аталган долбоорду карап, аны жалпы жыйынга алып чыгуу чечимин кабыл алды. Депутат Исхак Масалиев демилгечи болгон бул долбоор жарандардын тынч жыйындарды өткөрүүсүнө бир катар чектөөлөрду киргизет. Алсак мындай жыйындарды өткөрөбүз дегендер мурдагыдай билдирүү менен чектелбей, жергиликтүү бийликтин уруксатын алыш керек жана президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жайгашкан имараттардын тегерегинде , борбордук жолдордо мындай акцияларды өткөрүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү талкууда долбоорго “эгер жергиликтүү бийлик мындай жыйындарды өткөрүүгө уруксат бербесе жарандар сотко кайрыла алат” деген өзгөртүү киргизилди. Талкуу учурунда СДП фракциясынын депутаты Руслан Шаботоев бул долбоорго каршы чыгып, ал баш мыйзамдын 25-беренесине каршы келээрин белгиледи. Бул мыйзам долбоорун өткөн айда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети биринчи окулушунда жактырган. Ошол эле учурда бир катар укук коргоочулар бул долбоор адам укуктарына, демократияга каршы келээрин белгилешкен.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG