Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

23-майда президент Бакиев Астана шаарында 2006-жылы 4-июлда кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосундагы Ысыккөл облусунун аймагында жайгашкан курорттук рекреациялык объектилерге Казакстандын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамына кол койду. Бул маселеге байланыштуу суроолорго экономика илимдеринин кандидаты, КМШ мамлекеттер ортосунда менчик мамилелерин жөнгө салуу боюнча келишимдерди даярдоодо эксперт болуп катышкан Саткын Айтууганов жооп берди.

-Жогорудагы мыйзамга президенттин кол койгонун кандай кабыл алдыңыз. Себеби сиз бул маселе мыйзамга каршы келет деп пикириңизди билдирип келбедиңиз беле?

- Мен бул кабарды жакшы кабыл алган жерим жок. Себеби, сиз айткандай, бул келишим бардык мыйзамдарга каршы кабыл алынган жана келишим Кыргызстандын түпкүлүк кызыкчылыгына дагы карама-каршы келет. Ошондуктан буга президенттин кол коюшу мени аябагандай өкүндүрөт.

-Сиз Казакстанга Ысыккөлдөгү төрт пансионатты берүүгө каршы пикириңизди далилдүү документтер аркылуу азыркы бийликке билдирдиңиз беле?

-Мен булар тууралуу жаңы жылдын астында эле Жогорку Кеңештин төрагасы урматтуу Мадумаровдун атына толук далилдерди келтиргем. Бул Кыргызстандын менчиги Казакстанга берүүгө болбойт, Казакстандын менчиги деп келишимде таанууга болбойт, ал келишимди ратификациядан өткөрүүгө да болбойт деп далилдеп бердим эле. Андан тышкары президенттин атына ушундай эле катты ошол эле жаңы жылдын астында жөнөткөм. Андан тышкары январь айынын орто ченинде так эле ошол эле таризде ошол мааниде жазылган ачык кат менен президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, өкмөт башчысынын атына “Кыргыз туу” гезити аркылуу кайрылдым эле. Андан тышкары дагы ошол келишим негизделген туура эмес, калпыс жол менен жазылган протоколдордун бетин ачып, дагы кат жазып Жогорку Кеңешке, президентке да кат жазып ушундай далилдер менен кайрылдым эле. Бирок мындан эч кандай майнап чыккан жок тилекке каршы.

-Саткын мырза, ал эми расмий бийлик Казакстанга төрт пансионаттын берилиши менен жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болуп, экономикага да салым кошот деп атышпайбы. Келечеги кандай болот деги?

-Негизин карасак келечеги өзүнчө башка бир суроо. Бирок мунун түпкүрүндө эмне жатат? Бул маселенин түпкүрүндө Кыргызстандын өзүнүн менчик укугу жатат. Бул менчик укук cоюз убагында эле 60-жылы бузула баштаган. Кыргызстандын аймагында эң биринчилерден болуп жайгашкан биринчи эле Өзбекстан пайдаланган “Золотые пески” деген пансионат 59-жылы жер алган. Мына ошондон эле туура эмес иштер башталган болчу. Бул мурунку союздун өтө борборлоштурулган бийлигинин негизинде болуп келген иш. Булар ошол кезде эле орун алып биздин курорттук рекреациялык байлыктарыбызды өзүнүн аймагындагыдай, өз менчигиндей кылып бизге бир тыйын төлөбөстөн пайдаланып келишкен. Демек менчик маселеси бул мамлекеттин пайдубалын, мамлекеттин түпкүлүгүн түзгөн маселе. Мамлекет ошол үчүн күрөшкөн жана мамлекет ошону менен жашаган. Эми биз ушул маселени ортого салып коюп, соодага айландырып түркүлүгүбүздү, пайдубалыбызды уратып аткан болуп атпайбызбы.

-Ушул көл аймагындагы пансионаттарды Өзбекстан тарап дагы бергиле деп чыкпайбы эми?

-Өзбекстан эмне үчүн бергиле дебейт? Эгерде биз кыңк этпестен, эч кандай ошол мүлктүн эсебинен акы албастан, мүлк аркылуу ошол объектилер менен биздин курорттук байлыктарыбызды урунуп, аларга бир тыйын төлөбөстөн, өздөрүнүн ден-соолуктарын чыңап, өздөрүнө барып эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, иштерин оңдоп, иштеген адамдардан биз бир тыйын албасак, акы төлөбөсөк, акы сурабасак өзбектер сурайт. Себеби Өзбекстандын 13 объектиси бар.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG