Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Кыргызстандагы укук коргоочулар 26-апрелде Каракол-Бишкек жөө жүрүшүнө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/3ACFE482-F66B-4C29-B7AA-2FB550CBF0A1.asp чыккан атуулдардын укугун чектеген атуулдар жана алардын аракетине мыйзамдуу чара көрбөгөн тартип коргоо орган жетекчилерине каршы сотко доо арыз жолдогон жатат. Алар буга чейин өлкө президенти Курманбек Бакиевге да ушундай талап менен кайрылуу жолдошкон болчу.

Кыргызстандагы укук коргоочулардын консультациялык-координациялык кеңеши Ысыккөл облусундагы Каркыра жайлоосу менен төрт пансионаттын Казакстанга берилишине нааразылык билдирип, Каракол-Бишкек жөө жүрүшүнө чыккан атуулдардын конституциялык укугу басмырланды жана ага тартип коргоо органдарынын кайдыгерлиги өбөлгө түздү деп билдирүү таратышып, окуя иликтенип, тиешелүү баа берилсин деген талап менен президент баштаган бийлик жетекчилерине кайрылышкан. Алардын ичинен алгачкылардан болуп Акыйкатчынын өкүлдөрү Ысыккөлгө барып коомдук иликтөө жүргүзүштү. Акыйкатчы Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, укук коргоочулардын билдирүүсү негиздүү болуп чыкты:

- Кыргыз республикасынын жараны жөө жүрүш жасоого, тынч чогулуштарды өткөрүүгө укугу бар. Бул жерде бир айылдан экинчи айылга басып келүүгө да жол берилбей, милиция тоскон. Бийлик тарабынан атайын уюштурулган адамдар да тосуп, катардагы жарандардын нааразылык билдирүүсүнө тоскоолдук болгон. Андан тышкары бийлик тарабынан уюштурулган адамдар саясатчыларга жаман сөздөрдү айтып, маскаралаганга чейин барышкан. Анан эң жаман жери -жөө жүрүштүн катышуучуларына, анын ичинде көрүнүктүү саясатчыларга кол салышып, жыгылып калган жеринен тепкилегенге чейин барышкан. Жөө жүрүшкө чыккандардын талабы туурабы же туура эмеспи, бул башка маселе. Бирок алар өлкөнүн жарандары катары өз көз карашын билдирип жатышат да! Мындай тоскоолдук кылган ишке баруу туура эмес. Жергиликтүү облустук жана райондук бийликтин жетекчилери жогорку бийликке жагыныш үчүн ушундай аракеттерге баргандыгын аныктап жатабыз.

Укук коргоочулар өз кайрылууларында жөө жүрүшчүлөрдүн укугун басмырлаган топтун аракетин милиция токтотпой, аларга кошумча болду деген да дооматтарды коюшкан. Президенттик администрация бул боюнча Ички иштер министрине расмий кат жөнөтүп, жөө жүрүш катышуучуларына кол көтөрүүгө жол берген тартип коргоо орган кызматкерлерине карата кандай чара көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берүүсүн эскерткен. Министр Молдомуса Конгантиевдин айтымында, азыр ал окуя иликтенип жатат, бирок, милициянын кошумча болгону азырынча аныктала элек:

- Бизде кызматтык иликтөө жүргүзүүчү кызмат бар. Бул маселе ошол кызматка жүктөлгөн. Алар азыр Ысыккөлдө иштеп жатышат, жыйынтыктарын жакында чыгарышат. Анан расмий маалымат беребиз. Бирок, бүгүнкү күнгө карата мен милициянын айыбы бар деп айта албайм. Себеп дегенде милиция ал жерде өз планы менен иштеген. Эч кандай укук бузууга жол берген эмес. Эгер милиция айыптуу деп, кай бир коомдук уюмдар кайрылып жаткан болсо, аны да териштирип туруп жообун беребиз.

Анткен менен укук коргоочулар жөө жүрүшчүлөрдү жаалданган топ ур-токмокко алып, жумуртка ыргытып жаткан мезгилде алар менен кошо жүргөн милиция кызматкерлери токтотпогондуктан, алар кайдыгерлиги үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек деген талап менен сотко кайрылган жатышат. Ага негиз берчү жагдайлар тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мындай дейт:

- Мен өзүм эртең менен эрте барып байкоо салганда Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы өзү район акими жана айыл өкмөтү менен бирге жатак түрмөдө же милицияда каттоодо турган адамдарды көкүтүп, аларга тапшырма берип жатты. Милиция болсо мыйзамды бузган адамдарга административдик эскертүү берип, жаңжалды токтотконго эч кандай аракет жасаган жок. Оппозиция куулуп, мисалы юристр Мукар Чолпонбаевди колунан алып, машинага түртүп салышып, сүрдүртүп кетиргиче Түптүн милициясынын башчысы жардам берип турду. Анан сөзсүз түрдө Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановго каршы сотко арыз беребиз. Анткени, мырза Субанов ошол жерде алыстан туруп көзөмөлдөп турду.

Саясат талдоочулар эгер укук коргоочулар тартип коргоо орган кызматкерлеринин аракетсиздигин далилдеп, жеңишке жетсе Кыргызстандын коомдук турмушуна бурулуш алып келген окуя болот деп баамдап жатышат. Укук коргоочулар болсо жарандын укугу менен эсептешпеген авторитардык бийликтин калыптанышына жол бербеш үчүн бардык мыйзамдуу аракеттерди көрөбүз деген дымакта. Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо жарандардын укугун бузуулар боюнча жергиликтүү бийликтер менен тиешелүү органдарга расмий каттар жөнөтүлгөндүгүн, бирок, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн берер жообу али белгисиз экендигин белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү бийликтин расмий жообу келгенден кийин өлкө президентине чейин добулбас кагууга барат:

- Биринчиден, коомдук иликтөө жүргүзүлгөндө ушундай укук бузууларга барган экенсиздер деген расмий каттарды облустук бийликтерге жөнөттүк. Бирок, алардан азырынча жооп ала элекпиз. Биз алардын да пикирин билишибиз керек, себеби, алар да актанууга укуктуу. Андан кийин чара көрүү талабын тиешелүү органдар менен президентке чейин коебуз.
XS
SM
MD
LG