Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


27-28-майда нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

27-майда Кыргызстандын кээ бир облустарында кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28 градус.
Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27 градус.
Баткенде түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24 градус.
Ош, Жалалабат аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23 градус болот.
Нарын жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +24...+26 градус.

XS
SM
MD
LG