Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Кошмо Штаттардын космос агенттиги – НАСАнын аппараты Марстын буга чейин изилденбеген бөлүгүнөн Жерге алгачкы сүрөттөрүн жөнөтө баштады. Ал кызыл планетага Бишкек убактысы боюнча дүйшөмбүдө таңга маал конгон эле. "Феникс" деп аталган аппараты эми алдыдагы үч айдын аралыгында биз кездерде Марста жашоо үчүн ылайыктуу шарт болгон –болбогонунун далилдерин табууга аракеттенмекчи.

"Феникстин" Марска карай сапары дээрлик он айга созулду. Ал кызыл планетанын түндүк уюлуна жакын барып конгонго чейин 658 миллион чакырым жолду басып өттү. Марсты иликтөө үчүн буга чейин да аппараттар учурулган эле, бирок алардын айрымдары жетсе, кээ бирлери жоголуп кеткен же кыйраган. Андыктан "Феникстин" саатына 20 миң чакырымдан ашуун ылдамдыкта учуп, Марстын атмосферасына киргенде саатына 9 миң чакырым ылдамдыкта барып, ийгиликтүү конгондо НАСАнын Калифорниядагы Жет Пропулсион лабороториясында бул көрүнүшкө байкоо салып турган окумуштуулар менен инженерлердин кубанычы коюнуна батпай койгон жок.

Аппарат учурулар алдында мерчемделген жерге – Марстын түндүк уюл аймагына туура барып конду. Окумуштуулардын ишениминде ал жерде Марстын кургак кыртышы алдында, муздун калың катмары бар. Марста бир кезде жашоого жарамдуу шарт болгон-болбогонун аныктоо аракетинде окумуштуулар ошол көмүлүп калган музду иликтөөнү узактан бери көздөп келишкен. Эми космос аппаратынын ийгиликтүү конушу андай изилдөө үчүн алгачкы мүмкүнчүлүктү тартуулоодо.

Экспедициянын илимий жетекчиси Питер Смит мындай дейт:

-Бул –башталышы. Мен учуруусуз жана конуусуз эч кандай экспедиция болмок эместигин эске алып жатам. Азыр ал ишке ашууда жана эми канчалык укмуштуу натыйжаларды берери бизге көз каранды болот.

Окумуштуулардын ишениминде, Марстын "Феникс" конгон тегиз аймагынын алдында качандыр бир кезде океан турган болушу ыктымал. Анын кыртышындагы жаркалар Марстагы аба –ырайы мурда азыркыдан жылуу болгон жана андагы муз мезгил –мезгили менен эрип турганын ишара кылууда. Эгер муз чындап эле эриген болсо, окумуштуулардын ишениминде ал жашоонун эң жөнөкөй түрү үчүн зарыл болгон суу менен айлана - чөйрөнү камсыздап турган.

Эми үч айга созулуучу экспедиция учурунда "Феникс" аппаратынын бургусу үлгүлөрдү алуу үчүн кургак кыртыш алдындагы муз катмарын казмакчы. Аппараттын өзүндөгү чакан лаборатория алынган үлгүлөрдү анын химиялык курамын аныктоого мүмкүндүк бергидей кылып эритет.

Иликтөөнүн баары аппарат конгон жерде гана жүргүзүлмөчү. Ал айланасын сүрөткө түшүрүүгө жөндөмдүү болгону менен буга чейинки аппараттардан айрымаланып, "Феникс" тегеректи кыдырып кете албайт.

Ийгиликтүү конгонунан тышкары "Феникс" Марска бүгүкү күндүн максаттарына эч кызмат кылбаса да, балким келечек муундар үчүн пайдалуу жүк алып барды. Ал - ДВДге көчүрүлгөн илимий фантастикалык библиотека. Анда ошондой эле адамзат башынан өткөргөн доордо космосту иликтөөгө салым кошкон 250 миң инсандын ысымдары жазылган. Ал ДВДилер "Феникстин" сапары аяктагандан кийин Марста белек ирээтинде калмакчы.

НАСАнын окумуштуулары алардын бул жолку экспедициясы Марста чын эле жашоо болгон –болбогондугун аныктай алгыдай далдилдерди табары жөнүндө этияттануу менен сөз кылышууда, Иликтөөнүн башчысы Питер Смит белгилегендей, бул болочок изилдөөлөр үчүн гана биринчи кадам.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG