Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

«УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНДАГЫ ОШ ШААРЫ”


Чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы айрым элчилери «Улуу Жибек жолундагы Ош шаары» аттуу туристтик жармаңкеге катышканча, түштүктүн бир катар ажайып жерлерин үч күн кыдырып кайтышты. Алардын айтымында, чөлкөмдө экологиялык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк кеңири экен, бирок, мамлекет зор потенциалын пайдаланбай жаткандыгы өкүнүчтүү. Ошол эле учурда тиешелүү органдардын жетекчилери жакшы саамалыктарга эми гана жол ачылгандыктан, түштүктөгү туробъектилер жандандырылып, каражат табуунун чоң булагына айландырылаарына ишендиришүүдө.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Азизбек Мадумаров 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин республика кара тизмеге илинип, дүйнө жүзүнө терроризм коркунучу бар мамлекет катары таанылгандыгын эске салып, тиешелүү мекемелер чет өлкөлөрдүн элчиликтери менен жетиштүү деңгээлде иш жүргүзбөй жаткандыгын сындады. Анын оюнча, ушундан улам туризм тармагы көч артында калып олтурат:

- Биздеги элчилер аркылуу көбүрөк жумуш жасаш керек деп ойлойм. Себеби булар аркылуу көп маалыматтар кетет.

Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Тасухико Косай белгилегендей, Ош жана Жалалабаттагыдай кооз жерлер дүйнөдө чанда учурайт. Бирок аларга адамдарды тартуу үчүн аракет жоктугу байкалат:

- Албетте, силерде ажайып жаратылыш, эң тунук суу, мыкты кишилер бар тура. Демек, Кыргызстан туризмдин белдүү өлкөсүнө айлануусуна мүмкүнчүлүк толтура. Туристтерди буруу үчүн көп нерселерди жасоо кажет. Ошентсе да, жолдордун ыңгайсыздыгы, инфраструктуранын начардыгы эч нерсе эмес, эң башкысы меймандостугуңар, ак көңүлдүгүңөр, жылуу-жумшак мамилеңер сырттагыларды магниттей тартып турушу абзел.

Оштогу «Мундуз-турист» компанияснын директору Умаржан Есиддинов Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери визалык режимди жөнөкөйлөтпөсө, туристтерге тоскооолдук тыйылбасын белгиледи:

- Былтыркы жылы күзүндө инициатива көтөргөнбүз, Орто Азиядагы 4 республика болсо, ошолорго келген туристтердин, мисалы Өзбекстанга келсе алардын визасы Кыргызстанга өтсүн, Кыргызстанга келсе Өзбекстанга өтсүн, ошол турист 4 мамлекетти кыдырып кетсин, визалык барьер болбосун, ошондо гана биз өнүгөбүз деп. Көчөдө жүргөн туристке эч ким тийишпеши керек, ал турист эркин жүрүш керек биздин мамлекетте.

Кыргызстандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашев түштүк аймагынын туристтик потенциалы чоңдугун жашырган жок. Мындан ары туристтик жайлар жандандырылып, каражат табуунун ири булагына айландырылаарын ырастады:

- Түштүктө туризмдин потенциалы өтө чоң. Мына чекесинен алып карайлы, Оштогу биздин Сулайман тообуз, Жалалабаттагы Сарычелек, Арстанбап, Өзгөндөгү биздин Абшырата, дегеле айта берсе сөз жетпейт. Түштүктө экономиканы көтөрүүгө, инвесторду тартууга мүмкүнчүлүктөр көп.

Жергиликтүү талдоочу Зинакан Пасаңованын баамында, тармакты өнүктүрүү үчүн туристтик жайлардын шартын жакшыртуу, тейлөөнү дүйнөлүк стандартка ылайыкташтыруу, ошондой эле реклама жагын күчөтүү көңүл борборунда болууга тийиш:

- Түштүктө туризмдин булагы экономикалык булак боло турган шарттарыбыз, мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок буга жаңы гана көңүл бурулуп атат. Туристтерди кызыктырыш үчүн эң биринчиден шарт түзүшүбүз керек. Туристтерди тейлөө боюнча дүйнөлүк стандартка ылайыкташкан сервиз керек бизге. Туризмди дүйнөлүк деңгээлде рекламалоо абдан начар болуп атат. Туристтик оъектилерди жакшыртсак түштүктө абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар туризмди өнүктүрүүгө.

XS
SM
MD
LG