Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

ЭНЕРГЕТИКА МЕНЧИКТЕШЕТ ДЕГЕН КАБАРДАН ЭЛЕТТИН ЭСИ ЧЫГУУДА


Өлкөдөгү энергетика тармагын менчиктештирүү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/1DCF37E2-3A11-4DC4-80FA-E913BDB1BE0F.asp саясатын элеттиктер үрөй учурган коркунуч катары кабылдоодо. Анткени ал кимге, кантип сатылат, эл андан кайра канчадан сатып алат деген тынчсыздануу күчөдү. Саясатчы депутаттардын көбү мындай кооптонуу ачык маалыматтын жоктугунан чыгып атат дешүүдө.

Ысыккөлдө дагы эрте жаздан бери эле электр жарыгы кечки саат ондо өчүрүлүп келатат. Мунун себебин айыл өкмөттөгүлөр электр кубаттуулугун кышка үнөмдөп атабыз деп түшүндүргөндөн кийин көпчүлүк аны туура эле кабыл алган. Бирок акжолчу депутаттар энергетика тармагын менчиктештирүү демилгесин көтөргөндөн бери түшүнүп-түшүнбөгөнү деле өкмөткө жана президентке өтө нааразылана баштады. Энергетика адистери бул тармакты Кыргызстан өздөштүрө албай калганынан сатууга мажбур болуп атканын жогорку жактагыларга эле түшүндүрбөй, жеринде жөнөкөй элге деле ачыктаса болмок дейт. Жетиөгүз районунан аты-жөнүн айткысы келбеген айым, бийлик кеңешпей эле ортодогу кен байлыктарды сатууга өттү деген ойдо:

- Эмнеге менчиктештирет, менчиктештирбей эле алар ичип-жегенин жапканга эле ушундай кылып атат. Азыр электр жарыгып өчүрүп атат. Биз азыр иттин күнүн көрүп атабыз. Мисалы, дүкөндөгү муздаткычардын ичиндеги азык-түлүктөр бузулуп атат. Биз эптеп-септеп оокат кылып атабыз.

Электр жарыгын ушинтип өчүргөндөн Каракол шаарындагы Чыгыш электр акционердик коому айына 25-30 млн. киловатт саат энергия үнөмдөп атыптыр. Аталган ишкананын башкы директору Рыскул Мухамеджанов аткени өкмөт аралык келишимдер боюнча Кыргызстан Өзбекстанга бир миллиард киловатт саат энергия бериш керек экен:

- Өзбекстанга бир миллиард киловатт саат беришибиз керек. Анүчүн иштелип чыгылган 3 жарым миллиард суу жөнөтүш керек. 420 млн. киловатт саат биз үнөмдөшүбүз керек.

Рыскул Мухамеджанов быйыл кышында "Чыгыш электр" ишканасы өзү дагы акыркы 15 жылда болуп көрбөгөндөй эң көп, тактап айтканда 66 млн. киловатт саат энергия сарптаганын кошумчалады. Мына ушундан улам келерки кышта электр өткөргүчтөр жана башка техникалык көптөгөн жабдууларды Кыргызстан жакшыртууга чамасы жетпейт дегендер да көп. Бирок айрым депутаттар энергетика тармагын ошончолук эле менчиктештирүүгө зарыл болуп турагынан шек санашат:

- Акжолчулар толук объект даярдап кол көтөрүп беришти. Акүйдүн командасын, буйругун аткарып беришти. ТЭЦ, Бишкек жылуулук берүүчү ишканасы жана Северэлектро дапдаяр турат. Ал болсо качан эле сүйлөшүлгөн инвестору чараларын көрүп атат. Азыр ири-ири стратегиялык объекттерди сатып атканда ачык-айкын кыргыз элине айтып беришсин, кайсы шарттарда сатып атат, иштей албай койсо кандай чыгымга дуушар болот, ушулардын барын бизге ачык-анык айтып берсин, - деди Роза Отунбаева.

Ал эми Чолпоната шаарынын тургуну Турдубай Мамбеткулов жакында Испания өлкөлөрүндөгү таза суу таңсыгынан кийин Кыргызстан колундагы суу байлыгын азырынча кармап турса болмок деп, ири электр мекемелерин эмес, майда ишканаларын гана менчиктештирүү керек дейт:

70-жылдары бул жерде гидрогеолог Рашид Яковлев деген болгон. Ошол киши айтып жүргөн, 21-кылымдын башында суу проблемасы өтө орчундуу болуп, мунайзат чыгарган мамлекеттер менен теңдешип калышы мүмкүн деп. Азыр биздин келечегибиз суу менен гана болушу мүмкүн. Ошон үчүн менчиктештирилгенде бул жерден мамлекеттик деңгээлде гана калыш керек, майда энергетика жагын менчикке өткөргөнгө мүмкүнчүлүк болот дагы, ал эми чоңурак жагын кое бербеш керек.

Ысыккөлдө 1-июндан баштап сентябрь айына чейин электр жарыгы үзгүлтүксүз берилээри расмий жарыяланганы менен ошол июнь айында эле кайра электр энергиянын төлөм акылары 10-12 пайызга кымбаттары анык болду. Буга негизинен көпчүлүк нааразы болуп атат.

XS
SM
MD
LG