Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ САЯСИЙ РЕФОРМАЛАРГА ЧАКЫРАТ


“Акыйкат үчүн” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/1DA60CD8-786B-420C-BBD0-D586AA60EDD1.asp кыймылы Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүш, башкаруу системасын реформалоо концепциясын иштеп чыгууга киришүүдө. Мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын чектеп, бийлик тең салмактуулугун орнотуу өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзмөкчү. Бирок да айрым саясатчылар азыркы бийлик системасын өзгөртүүгө шашылуунун кажаты жок деп эсептешет.

Мамлекет түзүлүш менен башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү демилгеси мындан үч жыл илгери эле козголуп, бирок да ал аягына чыкпай калган. Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев азыркы башкаруучулар эч кандай концепция, программасы жок эле бийликке келип отуруп калышканын айтып, өлкөнүн мындан аркы өнүгүш багыты кандай жүрө тургандыгы жакында эле аныкталганын ырастады.

- Былтыркысы бар эми. Кантсе да формалдуу жасашты да. Биз, менин колдогонум, буга чейинки иштерди колдоп, ырахматымды айтып, эми жаңы деңгээлге, сапаттык бийик деңгээлге чыгуубуз керек.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев жаңы концепцияда ириде үч негизги маселенин башын ачып алыш керек деген пикирде.

- Мына парламент кандай болуш керек? Канча адам болушу керек? 100% партиялык болушу керекпи же 50 – 50% болушу керекпи? Бул бир маселе. Экинчи маселе кайсы мөөнөткө шайланыш керек? 5 жылгабы же 4 жылгабы? Билесиздер, бул боюнча да баягы конституциялык кеңешмеде биртоп талаш болгон. Анан кийин үчүнчүсү, ыйгарым укуктардын бөлүнүшү. Президентте кандай укук болуш керек? Канча мөөнөткө шайланышы керек? Канча жолу шайланышы керек? Экинчиси, өкмөт болуш керекпи же болбош керекпи? Өкмөттүн башчысын айтам да. Же президент өкмөттүн башында туруш керекпи? Анан кийин утуп келген партия сунуштайбы, президент бекитеби? Себеп дегенде, бул маселелер боюнча баягы конституциялык кеңешмеде биртоп талаштар болгон.

Белгилүү саясат таануучу Марат Казакбаевдин айтуусунда, азырынча Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү менен башкаруу системасын кайрадан өзгөртүүнүн эч кандай кажети жок.

- Парламентаризм, албетте, демократиянын үлгүсү. Биз ага жете элекпиз. Мен ойлойм, бизге көбүнесе президенттик башкаруу формасы жагат.

Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан кыйынчылыктардын текши баары мамлекеттик түзүлүш менен башкаруу системасын туура аныктап албоонун натыйжасы экенине жаңы концепция иштеп чыгуунун демилгечиси Мирослав Ниязов токтолду.

- Бир дагы мамлекетте, бир дагы, мына өзүңөр издеп көргүлө, момундай бийликтин баары бир адамдын колунда эмес. Бийлик бир адамдын колуна келгенде өтө чоң коркунуч алып келет.

Парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Кабай Карабеков ушу тапта саясий талаш чыгарып, системаны өзгөртүүнүн кажаты жок деп эсептейт.

- Азыр биз бийликти алмаштырсак, эртең эле коммунизм болот деп атабыз. Болбойт коммунизм! Момундай шартка кирип калдык, эми эмне кылабыз?

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийинки конституциялык кеңешменин узак талаштарынан соң бийлик менен оппозиция бир пикирге келе албай, башкаруу системасы менен мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү аракети майнапсыз аяктаган. Кайрадан козголуп жаткан жаңы демилге күзгө чейин даярдалып талкуудан өтүшү керектигин “Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов маалымдады.

- Мына мен ойлойм, ушу сентябрдын аягына чейин бир тезис түрүндө вариант даярдап талкууласак. Анан ошол тезистик вариантты коомдук парламентке чыгарсак. Бул экинчи этап. Коомдук парламент талкуулагандан кийин элге чыгарсак.

Кыргыз бийлиги каршылаштарынын жасалып жаткан иш-аракеттерди сындагандан башка эрмеги табылбай, өлкөнүн мындан ары кандай өнүгүшүн аныктаган программа, концепциясы жоктугун айтып сындап келген. Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүш, башкаруу системасын реформалоо концепциясы иштелип, сунушталса “оппозициянын эл алдындагы жүзү жарык болот”, деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG