Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

13:04 Кореялыктар картөшкөнү кайра иштетүүчү завод курууга даяр


Аталган маселе вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев менен Түштүк Кореялык “Бистек” жана “Ури-Банк” корпорацияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда каралды. Кореялык “Бистек” компаниясынын жетекчиси Лим Хен Гованг бул доолбоор 65 млн. АКШ долларын түзүп, узактыгы боюнча бери эле дегенде 15-20 жылга уланаарын билдирди. Ал эми ал заводдо продукциянын жети түрү чыгарылаары айтылууда. Алар: крахмал, картөшкө ширеси, протеин, клейковин, этил спирти, биоэтанол, CO2 (көмүр кычкыл газы). Мындан тышкары иштетилген калдыктардан малга тоют жана минералдык жер семирткичтер да чыгарылат. Мурда маалым болгондой Кемин районунун жергиликтүү бийликтери картөшкөнү өстүрүүгө Чымкоргон айыл өкмөтүнөн жер бөлүп беришкен. Эгер эки тараптуу кызматташтык үзүрлүү болсо, Түштүк Кореялык корпорациялардын өкүлдөрү ушундай эле заводдорду Нарын, Талас жана Ысыккөл облустарында курууга даяр экендигин билдиришти. Ал эми вице-премьер И. Айдаралиев өз кезегенинде, өкмөт бул багытта кореялыктарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө ынтызаар экенин баса белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлоодо. (ESu)

XS
SM
MD
LG