Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

15:16 Казакстанда “Улуу жибек жолу” аттуу фольклордук музыка боюнча биринчи эл аралык фестиваль өттү


Тарас шаарында өткөн фестивалга алыскы жана жакынкы 39 мамлекеттин музыкалык жамааттары катышты. Ал эми бул маданий иш-чарага Кыргызстандын атынан барган “Долон” фольклордук тобу жогорку деңгээлдеги чеберчилигин көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Натыйжада аларга дипломдор ыйгарылып, атайын байгелер тапшырылган. Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драмтеатрдын деректири А. Жакшылыковдун айтымында, бул маданий иш сапар үзүрлүү болуп, казак тарап менен чыгармачылык алакаларды бекемдөөгө өбөлгө түзүлдү. Эми күз айларында “Долон” тобу Жамбыл шаарына гастролго чыкмай болду. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министирлигинин басма сөз катчысы Алтынай Атаканова “Азаттыкка” билдирди. (ESu)

XS
SM
MD
LG