Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 00:54

17:08 Эртең ЭлТР коомдук телекомпаниясынын жаңы жетекчиси байкоочулар кеңешинин сынына коюлат


28-майда байкоочулар кеңеши ЭлТР коомдук телекомпаниясынын мурунку жетекчиси Кадыр Кошалиевдин отчетун угат. Андан соң башкы директордун милдетин аткаруучу Мамырайым Дуванаевдин план-программасы талкууланып, анын дайындалышына макулдук берүү же бербөө маселеси каралат. Бул туурасында ЭлТРдин байкоочулар кеңешинин мүчөсү Акжол Бердиев бүгүн “Азаттыкка” маалымдады. Эске сала кетчү жагдай, ЭлТРдин байкоочулар кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү алардын макулдугусуз коомдук телекомпаниянын жетекчисин алмаштырган президент Бакиевдин буйругун мыйзамсыз жорук катары баалап, "Кыргызстан демократиялык нуктан тайды, сөз эркиндигине доо кетти" деп кабатырланып өлкө башчысына кайрылуу жолдошкон, бирок бир айдан бери Акүйдөн жооп жок. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG