Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

17:23 Нарын районунан 600дөн ашуун адам бийликке даттануу арыз жолдойт


Нарын облусттук “Коррупцияга, паракорлукка каршы күрөшүү боюнча биримдик” бирикмесинин төрагасы Тойчубек Айдаралиев 27-майда “Азаттыкка” билдиргенине караганда 2000-2006-жылдары “Кумтөр оперейтинг” компаниясынан Нарын элине жардам берүү иретинде 7 млн. 400 миң сом которулган. Ал акчалардын кимге жардам берилгендигин, кайда жумшалгандыгын териштирип, жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жооп берүүнү жергиликтүү бийликтен өтүнгөнүнө карабастан жооп келген жок. “Ошондуктан президентке, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн төрагаларына, Башкы прокурорго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына, Каржы полиция жетекчисине жана облус губернаторуна даттануу аразы менен кайрылуудабыз. Бул маселе боюнча Нарын шаары, райондорунан 600дөн ашуун адам кол коюшту”, деди Т.Айдаралиев. Анын айтымында, 7 млн. 40 миң сом “Кумтөрдөн” облуска которулган, бирок облустук акимчилик мындай каражат түшкөн эмес деп билдирген. (KUs)

XS
SM
MD
LG