Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

17:32 Москва районундагы кытайлык ишканага жергиликтүү тургундар каршы болушууда


Бүгүн Беловодск айыл өкмөтүнүн тургундары менен болгон жолугушууда кытайлык ишкананы жабууга жергиликтүү бийликтин күчү жетпей жаткандыгы айтылды. Алардын билдиргенине караганда бир жылдан бери Кытай ишкерлери темир ээритип-иштетүүчү ишкананы ачып, курулушка ылайыктуу арматураларды чыгарып келет. Бирок ишканадан чыккан түтүн, күйгөн зыяндуу калдыктар экологияга терс таасирин берүүдө. Ишканага жакын жашагандар буга байланыштуу бир нече ирээт кайрылуу кылышкан. Бүгүн ал жерге барган атайын комиссия мүчөлөрү да абалдын талапка жооп бербестигин жана электр энергиясынын ашыкча сарпталып жатканын белгилешти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган комиссия мүчөлөрү талапка такыр жооп бербеген өндүрүштү токтотууга аракет кылаарын убада кылышты. (JJ)

XS
SM
MD
LG