Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

18:08 2010-жылга чейин мамлекет мугалимдерге болгон карызын төлөп бермей болду


Бул тууралуу бүгүн Каржы министрлиги билдирүүдө. Мугалимдердин эмгек стажы үчүн төлөнчү кошумча төлөмдөр берилбей, 2003-жылдан бери мамлекеттин мугалимдерге болгон карызы 2 миллиард 400 миллион сомго жеткен. Мугалимдер ал акчасын ала албай бир тобу Каржы министрлиги менен соттошконго чейин барышкан. Акыры быйыл өкмөттүн токтому чыгып, 2010-жылга чейин тиешелүү мекемелерге карыздарды төлөп берүү милдеттендирилген. Каржы министрлиги ал акчалардын төлөп бере ала турганын айтканы менен быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтууда. Анткени, биринчи баскычта төлөнчү 300 миллион сомго чукул каражат быйылкы бюджетте каралган эмес. (ESu)

XS
SM
MD
LG