Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Эркин Мамбеталиевди --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/05/fa6005bb-4aa8-4a3d-89d1-257a2199e652.asp өмүрүнүн акырына чейин абакка кесүү өкүмүн чыгарды. Мамбеталиевдин жубайы жана бир туугандары сот акыйкатсыз чечим чыгарганын айтышып, жогорку сот инстанцияларына кайрылышарын “Азаттыкка” билдиришти. Бул ишти караган райсоттун судьясы Жылдызбек Кудаяров өкүм күчүнө киргенге чейин комментарий берүүдөн баш тартты.

Өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген Эркин Мамбеталиевдин бир тууган эжеси Жайнагүл Мамбеталиева Биринчи май райсотунун судьясы Жылдызбек Кудаяров инисине карата туура эмес чечим чыгарды дейт.

- Сот башынан аягына чейин туура эмес өттү. Күбөлөр келип, тигилердин кылган иштеринин баарын айтып, милициянын мурдагы кызматкерлери дагы келип бул ишти кандай жасалгалап жатканын айтышты. ИИМдин министринин орунбасарлары буйрук беришиптир: “Бул баланы сындыргыла. Ал күнөөлүү болот. Аны отургузгула “, - деп айтканын күбөлөр сотто билдиришти. Бирок сот буга дагы көңүл бурбай койду. Андан тышкары ушул ишти алып барган тергөөчү Жукеев менен мен өзүм барып сүйлөшкөндө айткан: “ Мен бардыгын түшүнөм. Эркиндин күнөөлүү эмес экендигин мен деле билем. Бирок менде буйрук бар”,-деген. Буйрук боюнча эле адамдын тагдырын чечип коюшту.

Жайнагүл Мамбеталиева белгилегендей сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө эч кандай маани берген эмес. Мисалы, Эркин Мамбеталиевге милициянын полковниги Чыныбек Алиевди өлтүргөнгө катыштыгы бар делип коюлган айыпта, күбө Беккулова деген кыз алгачкы көрсөтмөлөрүндө Алиевди аткандар ак түстөгү «Мерседес» автоунаасы менен келишкенин айткан. Кийин ал көрсөтмө түп-орду менен жок болуп, Беккулова ак түстөгү «БМВ» автоунаасы деп көрсөтмөсүн башкача өзгөртүптүр.

Ал эми Эркинге коюлуп жаткан экинчи айып мурдагы депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө байланыштуу. Сурабалдиевди өлтүргөн маалда Эркин борбордук мечитте жума намазга жыгылганы барганын көргөн күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө сот маани бербей койду, дейт Мамбеталиева. Анын пикиринде укук коргоо органдары маркум Рысбек Акматбаевге байланыштуу делген кылмыш иштеринин баарын Эркин Мамбеталиевге оодарып, мойнуна илгенге аракет кылышууда.

- Жанагы адам өлтүрүү боюнча 8 иштин барын Акматбаевдин тобу кылган деп чыгышкан. Анын тобунан эч ким калбай калды. Рысбек баш болуп бардыгы өлүштү. Тирүү калганы эле Эркин. Эми бардык ишти Эркиндин мойнуна илгиси келип атышат.

Биринчи май райсотунун судьясы Жылдызбек Кудаяров бул боюнча өкүм күчүнө киргенге чейин комментарий берүүдөн баш тартты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын инспектору Эрнист Осмонбаев бул иш боюнча тергөөчүгө ички иштер министринин орун басарлары буйрук берген деген дооматтар менен макул эместигин «Азаттыкка» билдирди.

- Ишти сот караганда туура, туура эместигин тыкат карайт. Эми сот ошондой чечим чыгаргандан кийин ИИМди күнөөлөгөн туура эмес, -деди Осмонбаев.

Эркин Мамбеталиевге Кылмыш жаза Кодексинин 230-берене (Бандитчилик), 97-берененин 2-пункту (Киши өлтүрүү: эки же андан ашык адамды өлтүрүү), 174-берене (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) , 105-берене (Денсоолукка атайылап анча оор эмес залал келтирүү), 241-берене (Ок атылуучу куралды сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыптар тагылган. Сот аны Чыныбек Алиевди, Таалай Абасовду өлтүрүүгө катыштыгы бар, Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүргөн жана үч адамдын өмүрүнө коркунуч туудургандыгы үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Андан сырткары кылмыш чөйрөсүндөгү абройлуу Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаваджи Зурбековду, «Талас» аймагынын кылмыш тобунун мүчөсү Нурлан Бердикеевди, Ысыккөлдөгү «Рахот» пансионатынын директору Бахру Бурхановду өлтүргөнгө катыштыгы бар, кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Турганбаевдин, «Вор в законе» делип жүргөн Камчы Көлбаевдин жакын досу Алтынбек Курманалиевдин өмүрүнө коркунуч туудурган деген айыптар боюнча Эркин Мамбеталиев күнөөсү жок деп табылган.

Эркин Мамбеталиевдин жубайы Айчүрөк бул маселе боюнча адилеттик издеп жогорку инстанцияларга кайрылышарын белгиледи.

- Сурабалдиевдин өлүмүнө, Абасовдун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча. Алиевдин иши боюнча дагы эки инстанциядан акталып чыккан болчу. Ага болбой эле кайрадан ИИМдин кызматкерлери кармап, өмүрүнүн акырына чейин абакка кесүүгө сот туура эмес чечим чыгарып жатат. Аны Кылмыш иликтөө боюнча башкармалыктын кызматкерлери мыйзамды одоно бузуп кармап жатышпайбы. Биз эми адилеттик издеп жогорку инстанцияларга апелляциялык арыз жолдойбуз.

Эркин Мамбеталиев бир кезде экс-президент Аскар Акаевдин, мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген эле. Ал буга чейин кылмыш дүйнөсүндө лидер делип жүргөн маркум Рысбек Акматбаев менен кошо адам өлтүрүүгө жана бандитчиликке катыштыгы бар деп шектелип, сот жараяны Биринчи май райсотунда андан кийин Бишкек шаардык сотунда каралып акталып чыгышкан. Аны Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө тишеси бар деген шек менен милиция кызматкерлери 2006-жылы декбарда кайрадан камашкан эле.
XS
SM
MD
LG