Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Бүгүн Каржы министрлиги мамлекеттин мугалимдерге болгон 2 миллиард 400 миллион сом карызын 2010-жылга чейин төлөп бере ала турганын билдирди. Бирок карыздарды төлөөдө быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болот. Анткени, биринчи баскычта төлөнчү 300 миллион сомго чукул каражат быйылкы бюджетте каралган эмес. Ошентсе да мугалимдер --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/05/E24ED3DC-AE55-44A8-9117-5C18EE3F1533.asp бүгүнкү инфляция асмандап турган заманда ал акча деле эч нерсени чечпесин, айлык-акыларды дагы да жогорулатуу зарылдыгын айтышат. Адистер болсо мугалимдердин айлыгы же кошумча эмгек төлөмдөрү билим берүү тармагындагы кризисти токтотуп кала албасын, ал үчүн бул тармакты терең реформалоо зарылдыгын баса белгилешүүдө.

Мугалимдердин эмгек стажы үчүн төлөнчү кошумча төлөмдөр берилбей, 2003-жылдан бери мамлекеттин мугалимдерге болгон карызы 2 миллиард 400 миллион сомго жеткен. Мугалимдер ал акчасын ала албай акыры бир тобу Каржы министрлиги менен соттошконго чейин барышкан. Акыры быйыл өкмөттүн токтому чыгып, 2010-жылга чейин тиешелүү мекемелерге карыздарды төлөп берүү милдеттендирилген.

Каржы министрлиги ал акчаларды төлөп бере ала турганын айтканы менен быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтууда. Муну каржы министри Тажикан Калимбетова төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Быйылкы жылдын бюджети боюнча биз мугалимдердин эмгек стажына берилчү төлөмдөрдү берип атабыз. Ал эми карыздардын биринчи баскычта берилчү бөлүгү болгон 2003-жылкы карызды төлөш үчүн быйыл бизге 218 миллион сомдон ашык каражат керек. Муну биз быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу төлөп беребиз. Азыркы кезде биз мыйзамга өзгөртүү киргизип, анын долбоорун өкмөткө жибердик, ал долбоор өкмөттөн Жогорку Кеңешке кетет.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун алдындагы Инновациялык билим берүү лабораториясынын башчысы, окутуучу Асылбек Жоодонбековдун пикиринде, 2003-жылдан бери мындай төлөмдөр берилбей келсе дагы мугалимдердин кызыкчылыктарын көздөй турган кесиптик кошуундар талап кылып чыгышкан эмес:

- Билим берүү тармагындагы эмгек стажына карата кошумча төлөмдөрдүн буга чейин берилбей келгендиги эле биздин билим берүү тармагынын, коомдун, дегеле башка тармактардын чоң кризисте тургандыгынын белгиси. Себеби, 2003-жылы ушул мыйзам кабыл алынганына карабастан билим берүү тармагындагы кесиптик бирдиктер, илим чөйрөсүнүн укуктук багытта иштеген адистери мыйзамдын аткарылбай атканын айтып коңгуроо кагып, бийлик органдарына, укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

Мугалимдер арасында ансыз да инфляция асмандап турганда кошумча төлөмдөр мугалимдерди кейиштүү абалдан чыгара албайт деген пикирлер бар. Айрымдары кымбаттаган азык-түлүккө жараша айлык-акыларды кескин жогорулатпаса кризис дагы да тереңдейт дешет.

Жетиөгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурат Жетимишбаев, “Оболу мугалимдерге акчасын берип туруп талапты коюш керек. Антпесе бизге жогорку окуу жайдан бүтүп келгендер мектепке барбайт, барган күнү да алардын билими талапка жооп бербейт”,- дейт.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов жакында эле мугалимдер менен болгон жолугушууда мугалимдерге кошумча төлөмдөр берилерин, ал жагынан парламент тиешелүү чараларды көрөрүн, бирок негизги маселе ал эместигин, бул тармактагы кризистин учугу тереңдерде жатканын айткан:

- Мунун бардыгын кадрдык маселелер коштоп келген. Мына, 1991-жылдан бери 11 министр алмашыптыр, болгону 15 жыл ичинде. Бул тармакты караган он бирден ашык вице-премьер-министр алмашкан. Бир дагы министрдин көрүнүктүү, пайдалуу бир жасаган иши жок. Себеби кийинки келгени мурункусунун жасаганын талкалай берген. Бир жакшы ою болсо дагы кийинки келгендери басып келе берген.
XS
SM
MD
LG