Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Мунайдан түшкөн пайдасы күн санап ашып-ташып бараткан Азербайжан 20 жылга аяк басып калган Карабак --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/09/ac76bfc7-2e60-47c2-800e-f8bed8289773.asp жаңжалын жакын арада өз кызыкчылыгына чечилээрине үмүтү чоң болуп турат. Кеминде Азербайжандын тышкы иштер министринин орунбасарынын “Азаттык” менен маегинде ишенимдүү сүйлөгөнү ушундай божомол жасоого мүмкүндүк берет.

Армения менен Азербайжандын президенттери келерки айда Санкт-Петербургда жолугушмакчы. 7-июндагы бул сүйлөшүүнү утурлап, «Азаттыктын» азери кызматы Азербайжандын тышкы иштер министринин орунбасары Араз Азимов менен ушул аптада маектешти.

Азимов Армениянын жаңы шайланган президенти Серж Саркисянга жана анын өкмөтүнө Тоолуу Карабак боюнча саясатынын багытын тактоого мезгил жеткендигин белгиледи. Бирок ал бул маселеде Бакы өкмөтү кандайдыр бир жеңилдиктерге же ийкемдүүлүккө барбай тургандыгын мындайча кесе айтты:

- Кандай ар кыл элементтер каралып жаткан болушу мүмкүн. Бирок алардын бардыгы, акыр-аягында жана кыйшаюсуз бир гана маселеге такалат. Ал – Азербайжандын аймактык биримдиги. Мындан башка маселе болушу мүмкүн эмес.

Анын мындай ишенимдүү сүйлөп жатышы тегин жерден эмес экени маалым. Карабак жаңжалы башталган мезгилден бери мунай экспортунан Азербайжандын казнасы нефте-долларларга батпай кетти. Анын натыйжасында, өлкө коргоо тармагына быйыл эле 2 миллиард доллар сарптайт. Бул коңшусу Армениянын бир жылдык жалпы улуттук дүң өндүрүшүнө барабар.

Өз маегинде Азимов Карабак жаңжалын жөнгө салуу үчүн Армения азери аймагын бошотуп бергенден кийин, азери качкындары Тоолуу Карабакка кайтып келиши керектигин белгилеп, ошондон соң бул аймактын калкы өз келечегин өзү аныктай турган мезгил да келе тургандыгын мындайча баяндады:

- Карабак Азербайжандын карамагына кайтарылгандан кийин, тынчтыктын жана коопсуздуктун шартында аймак тургундары Карабактын макамын аныктоочу мыйзамдуу жана демократиялык жараянга катыша ала тургандай болушат.

Ушул айда Бириккен Улуттардын Баш жыйыны Азербайжандын аймактык биримдигин колдогон резолюция кабыл алган эле. Азербайжан бийликтери бул документти кыйшаюсуз колдонууга ала тургандыгы даана байкалууда. Ошол эле мезгилде Азимовдун сөз кыясына караганда, талаштуу аймактын келечегин аныктоо үчүн алыскы келечекте болсо да, референдум өткөрүлгөнгө чейин, Карабакка убактылуу макам берүү тууралуу чакырыктарга Бакы өкмөтү кулак салаары күмөн туудурат.

Анын аралыгында, Армениянын президенти Саркисян Европа Биримдигинин элчилери менен жолугуп, "жаңжалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү сакталып калууда, ал үчүн сүйлөшүү фундаменталдык жоболорго негизделиши керек" деп айтты. Ал эми Армениянын тышкы иштер министри "келерки айдагы армян-азери президенттеринин жолугушуусу тынчтык сүйлөшүүсүн улантууга жагымдуу шарт түзөт" деген ишенимин билдирди.
XS
SM
MD
LG