Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Кыргызстан мугалимдерине өкмөт 2003-жылдан берки педагогикалык ишмердигине кошумча 2,5 миллиард сом акча төлөп бериши керек. Бирок да аткаруу бийлиги мынчалык төлөм быйылкы жыл бюджетинде каралбаганын айтып, карыз акчаны үч жыл ичинде кайтарып берүүнү көздөөдө. Каржы министрлигинин ырасташынча, мугалимдердин карыз акчасын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/05/3D450551-0E30-4F28-81DD-1773DFD81C2E.ASP кайтарып берүү жөнүндөгү сот чечимдерин аткарууга эле быйылкы жылы 300 миллион сом табуу зарыл.

Мугалимдердин кантип жана кандайча мыйзамдуу эмгек акысын беш жылдан бери алалбай келатышынын чоо-жайын Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетова кечээ журналисттер алдында жарыя кылды.

- Аны санап чыксак 2,5 миллиард сом акча керек болот. Тактап айтканда, 2 миллиард 400 миллион сом. Эми мынча акчаны бир эле жылда төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Ысыккөл районундагы Бостери айылынын мугалимдери бийлик башчыларына жолдогон катында мугалимдин бир айлык маянасы араң бир мүшөк унга жетерин ырастап, анан да ошол жарыбаган акчаны убагында бербей жатышкандарын өкүнүч менен белгилешкен.

“Биздин эмгек акыбыз төлөнбөгөнү аз келгенсип жана төмөндөп жатса, Жогорку Кеңештин депутаттары имаратын оңдоого 40 млн. сом бөлдүрүүгө жан талашып аракет жасап жатышат”, деп жазышкан Хасан Жээнбаев атындагы орто мектептин мугалимдери президенттен баштап район жетекчилерине жолдогон катында.

Чүй облусундагы Ивановка орто мектебинин мугалими Давлатбек Боронов сотко арыз менен кайрылган кесиптештери гана эмгек жылдарына кошумча акы алышканын, антпегендерин ойлогон деле киши жоктугун маалым кылды.

- Бөлүп-бөлүп төлөйт дейт. Бөлүп төлөгөндө эми баалар өсүп жатат, инфляция. Компенсация чогуу төлөнөбү? Бул бизге ыңгайлуу эмес. Сентябрдан баштап төлөнсө да чогуу алганда бирдемеге иштеткенге болор эле. Азыр көпчүлүк мугалимдерди тынчсыздандырган баягы эле кургак убада болуп калып, эмдиги жылдан тарта акча төлөнөбү-төлөнбөйбү деп мугалимдер арасында нааразылыктар көбөйүп жатат.

19 жылдан бери Бишкекте балдарга билим берип келаткан Зейнеп Калиева да башкалаанын мугалимдерине азырынча кошумча акы төлөнө электигин ырастады.

- Мындай экен да. Азыркы өкмөт менен партия, “Ак жол” деп коеюнчу мисалы, “бала ыйлабаса эмчек кайда”, деген принцип менен таратып жатышпайбы. Унчукпагандарга бербей, адвокат жалдап сотко арыздангандарга берип жатат. А эгер биз сотко арызданбасак, сотко барбасак, эч нерсе албайбыз.

З.Калиеванын пикиринде, бир мүшөк унга жетерлик маяна менен мектепти таштабай иштеп келаткан мугалимдер саясий өнөктүктөр учурунда мурунку-азыркы бийликтин ишеничтүү таянычына айланышкан.

Педагогика илим доктору, профессор Сулайман Рысбаев мугалимдердин кошумча акчасынын колуна толук тийиши кыйла эле түйшүгү көп ишке айланганын кошумчалады.

- Тиякка бир тартып, бул жакка бир тартып турган убакта мугалимдердин бериле турган кошумча айлык акысынын өз убагында берилип туруусуна айрым бөгөттөр, жасалма бут тосуулар болобу деген чочулоо бар.

Өкмөт токтомуна ылайык 2003-жылкы кошумча акы толугу менен быйыл, ал эми кийинки эки жыл эмдиги, калганы - 2010-жылы төлөнүп бериши керек. Бирок да антип убакытты созбой, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, эмгек укугун коргооого жетишкендер кошумча акысын быйыл эле алышмакчы.

Буга чейин сотто чечилген жана эми каралчу иштерге 300 миллион сом керек болорун өкмөт эмитен эле аныктап, аны быйылкы жыл бюджетине өзгөртүү катары киргизүүнүн аракетин көрүүдө.

Мугалимдердин кошумча акысына төлөнчү 2 миллиард 400 миллион сом үч жылга бөлүнүп, узартылып жатышы ансыз деле бийиктеп бараткан инфляцияны күчөтүп жибербөөнүн бир амалы. Бирок да 2010-жылкы инфляция кандай болорун, ага чейин кошумча акынын наркы канчага түшөрүн азыр эч ким айта албайт.
XS
SM
MD
LG