Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Кытайда мындан он жети күн мурдагы зилзаланын курмандыктарынын саны учурда алтымыш миңден ашты жана сексен миңге чейин жетиши ыктымал. Кытай --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/CD38183B-BC74-4011-AED1-07B3A3E1EFAD.asp өкмөтү табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга чамасы жетпестигине көзү жетип, өткөн жумада гана эл аралык уюмдардын кызматкерлерин өлкөгө киргизип, жардам берүүсүнө макул болгон. Кыргызстандын Чукул кырдаалдар министрлиги 120 тонна гуманитардык жардам көрсөткөнүнө кытайлык кыргыздар да ыраазы. Кытайдагы кыргыз жана уйгурларга кабарчыбыз Кабыл Макеш Үрүмчү шаарынан жолуккан.

Кытайдагы 12-майдагы зилзала болгонуна эки жумадан ашты. Эми урандылар алдында калгандар тирүү табыларына үмүт аз дешүүдө кытайлык адистер. Өткөн жумада Бээжинде өткөн Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын 71-Конгрессинде дагы жер титирөөдөн курман болгондор эскерилип, 12 миң доллар жардам берилди.

Кытай өкмөтү жана калкы зилзаларын кесепеттерин жоюу боюнча алгачкы күндөрдөн тарта эле жигердүү жана натыйжалуу чараларды көрүп жатышканы маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып жатат. Учурда Мянмада 2.5 миллион адам чукул жардамдан көзү өтүп турган кез.

Бул өлкөнүн аскерий жетекчилиги жалпысынан 2,5 миллион адамга таасири тийген жер титирөө кырсыгынын кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн чет мамлекеттерден жардамчы күчтөрдүн, дарыгерлердин, адистердин келишине өткөн жума күнү макул болушкан.

Кытайлык кыргыз Ардак Толкундун айтымында да урандылар алдында калгандарды эми аман табууга үмүт аз, өкмөт болсо эпидемияны, жер көчкү, суу ташкын өңдүү кийинки ыктымал кырсыктарды алдын алууга көңүл буруп жатат. Анткени жер титирөөнүн соңунан 30га жакын жаңы көлдөр пайда болгон. Талкаланган курулуштар айрым дарыялардын агымын бөгөп калгандан улам жаралган ал жасалма көлдөр суу ташкын коркунучун жаратууда.

Ошондой эле радиация булактары ачылып кетеби деген коркунуч бар. Өлкөнүн Айлана–чөйрөнү коргоо министрлигинин өткөн жума күнкү билдирүүсүнө караганда, радиациянын 50дөй булагы көмүлдү, дагы 35тей булагы коопсуздандырылды. Ошондой болсо да 15тей радиация булактары талкаланган имараттардын алдында калууда.

Үрүмчү шаарынын тургуну жеке ишкер Исраил Ибрагимдин айтымында, Мянмада жер титирөөдөн 15 миллиондой турак үй кыйраган. Чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар турак үйү кыйрагандарга баш калканч кылып туруу үчүн чатырларды берип, андан кийин үй салуу үчүн курулуш материалдарынан жана акчалай жардамдарды берип жатышат. Ошондой эле зилзаладан аман калып, бирок үй-жайынан кол жуугандардын көбү башка аймактарга көчүрүлүүдө.

Кыргызстандын Чукул кырдалдар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Өмүралиевдин айтымында, Кытайдагы жер титирөөдөн жабыр таркандарга Орусиядан кийин экинчи болуп, 120 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. Учурда дагы 65 тоннадан ашуун иче турган таза суу жөнөтүлгөнү жатат.

- Зилзаладан жабыр таркандардын абалы өтө аянычтуу. Көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылган, тамдар ураган, жолдор жана көчөлөр суу менен жуулуп кеткен, бардык күрүч шалылары суунун астында калган.

Ушул маалда 2.5 жарым миллионго жакын адам баш калкалай турган чатырларга, иче турган таза сууга, тамак-ашка жана дары-дармектерге өтө муктаж абалда турушат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG