Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Эмнести Интернешнл (Amnesty International) укук коргоо уюму дүйнөдөгү өлкө башчыларды Адам укугу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/8517281B-3F2D-47B8-9BC9-57D532300151.asp боюнча жалпы декларацияга кайрадан кол коюуга чакырды. Бул тууралуу уюмдун жаңыдан жарыяланган баянында айтылат.

Жарандардын укугун коргоо боюнча барандуу эл аралык уюмдардын бири - Эмнести Интернешнл бүгүнкү күндө адам укугу жакшы сакталбай жатканына кабатырлануусун билдирди. Бир катар мамлекеттерде атуулдар өз пикирин коркпой эркин айтуу укугунан ажырап калганын белгиледи.

Эмнести Интернешнл уюму ушундан улам өлкө башчыларын Адам укугу боюнча жалпы декларацияга кайрадан кол коюуга чакырып, өз өлкөсүндө жарандардын укугун сыйлап урматтоо өтө маанилүү экенин эскертип коюну чечти.

Кезинде дүйнө лидерлери бул декларацияны өтө дилгирлик менен кубаттоого алган. АКШнын мурунку президенти Франклин Рузвельттин жубайы Элеонора Рузвельт чоң үмүт арткан:

- Бул Адам укугу боюнча универсалдуу декларация баардык адамзат үчүн Эркиндиктин Улуу Хартиясы болуп калышы ажеп эмес.

Серепчилер авторитардык режим өкүм сүргөн өлкөлөрдө Эркиндиктин улуу Хартиясын кабыл алуу боюнча сөз кылуу эрте экенин айтышат. Аталган документ Англияда он үчүнчү кылымда кабыл алынган падыша да мыйзамга баш ийүүсү керектигин мойнуна алдырган белгилүү келишим болчу.

Саясий ишмердиги же өз оюн билдиргени үчүн абакка камоо, куугунтуктоо азыр кээ бир өлкөлөрдө кадимки эле көрүнүш. Эмнести Интернешнл уюмунун маалымдашынча 2007-жылы мындай окуялар Орусиядан тартып Орто Азия жумурияттарында жана Иранда көп учураган. Жарандар укугу көп учурда өлкө башчылары тарабынан бузулган.

Азыр коргоочулар чогулуп алып өкмөттү кантип адам укугун сыйлого үндөө керек деп талкуулап калышат. Батыш Европа жана Мурунку Советтер биримдигине кирген өлкөлөрдөгү адам укугу боюнча өкмөттүк эмес уюмдун башчысы Брюс Жексон айрым мамлекеттердеги репрессиялык абалды оңдоо жалгыз атуулдук коомчулуктун колунан келбеген иш деген пикирде:

-Биз жарандык коомдун ордун көбүртүп-жабыртып ашыра айтып келебиз. Атуулдук коом демократиянын белгиси жана жана демократия үчүн шарт боло алаар, бирок ал демократияны түзө албайт. Беларуста Грузияга караганда көп өкмөттүк эмес уюм бар. Эгер бейөкмөт уюмдардын болушу демократия деп эсептелсе, анда Александр Миленкевич эркин Беларустун президенти болмок.

Адатта укук коргоочулар Батыш өлкөлөрү авторитардык мамлекеттердеги адам укугу боюнча абал жакшыруусу үчүн кескин чараларды көрүүгө чакырып келишет. Бирок Орусия, Кытай сыяктуу соода-сатык алакалар үчүн маанилүү мамлекеттерде адам укугун коргоого чакыруу экономикалык кызыкчылыктардын көмүскөсүндө калгандай.

Быйыл Адам укугу боюнча жалпы декларацияга алтымыш жыл толот. Бул документ 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган. Укук коргоочулар документтеги нормалардын сакталышы күнү бүгүнкүдөй маанилүү экенин эскерттип жатышат.

Декларацияда баардык адамдар эркин, тең укукта төрөлөөрү айтылат. Ага ылайык ар бир адамда жашоого, эркиндикке жана коопсуздугун камсыз кылуу укугу бар. Эч ким кыйноого дуушар болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең.
XS
SM
MD
LG