Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Бириккен Улуттар Уюмунун агенттигинин жаңы доклады Ирандын өзөктүк куралы боюнча кооптонууларды далилдейт


Мындай пикирин АКШ жана анын союздаштары таратышууда. Иран БУУнун инспекторлоруна өзөктүк программасы боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан. Кечээ Вашингтон Ирандын бул жоругун “өтө кооптуу” деп сыпаттап, Иран өзөктүк бомба даярдап жатат деген шектенүүдөр далилденип жаткандыгын туюнтту. АКШнын союздаштары Франция жана Германия дагы дароо бул суроо боюнча тынчсызданып жаткандарын жарыялашты. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) дүйшөмбү күнү соңку докладында Иран өзөктүк курал боюнча пландарын жашырып жаткандыгын кабарлаган. Бирок Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү агенттиктин жаңы иликтөөсү Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатта экенин айгинеледи деп жар салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG