Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Дүйнө коомчулугу Мянманын аскер бийлигин оппозиция лидерине жаза мөөнөтүн узарткандыгы үчүн айыптоодо


Мянманын аскер бийлиги оппозициячыл Ауң Сан Су Чининин жаза мөөнөтүн узартуу менен эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылды. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бул чечимге нааразы экенин, АКШнын президенти Жорж Буш “терең тынчсыздануусун” билдиришти. АКШнын Мянмадагы атайын өкүлү бийликтин бул чечими “эч нерсеге негизделбегенин” жана буга жол берилбеш керектигин айтты. Нобель сыйлыгынын ээси Ауң Сан Су Чи акыркы он сегиз жыл ичи өмүрүн үй камагында өткөрүүдө. Бул айымдын жаза мөөнөтүнүн узартылышы “Наргис” бороон-чапкындан жабыр тарткан элге жардамды кечеңдеткен Мянма бийлигин дүйнө кескин сындап жаткан учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG