Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

13:06 Президент Курманбек Бакиев Адахан Мадумаровду кабыл алды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Этика жана регламент комитетинин отурумунун жүрүшүндө президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Камбараалы Конгантиев билдирди. Комитетте Мадумаровго байланышкан маселелер каралууда. Фракциянын мурдагы төрагасынын арызынын негизинде каралчу маселе Мадумаровдун да, Ибраимованын да отурумда учурда жоктугуна байланыштуу убактылуу токтотулду. Ал эми төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун Аскерий жайлар үчүн Орусияга 854 га жерди арендага берүү жөнүндөгү 1999-жылкы макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамды кайра чакыртып алууну сураган арызын комитет канагаттандырды. Исабековдун айтымында, бул мыйзамды кабыл алууда төрага Адахан Мадумаров тарабынан регламент бузулган. (BuS)

XS
SM
MD
LG