Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Суу, экономика маселесинин айланасындагы “Азаттыктын” айрым суроолоруна Кыргызстандын илимдер Академиясынын суу проблемалар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/FCC15A2D-F642-4100-9487-D09CD67734AA.asp институтунун жетекчиси академик Дүйшөн Маматканов жооп берди.

-Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычына суу тиешелүү деңгээлде толбой калуу коркунучу айтылып жатат. Буга жазындагы кургакчылык менен жаан-чачындын аз болушу себеп катары айтылып келет. Эгер күзгө чейин суунун деңгээли тиешелүү түрдө көтөрүлбөсө, кышында катуу энергетикалык кризис болушу мүмкүнбү? Адис катары сиз кандай дейсиз?

-Бул Токтогул проблемасы жалгыз гана суунун азайып калышында эмес. Бул сууну туура эмес пайдалануунун кесепетинен да келип чыгып жатат. Себеби мындай чоң суу сактагычтардын өзүнүн эрежелери бар. Диспетчердик графиги болот. Аны үч-төрт жыл мурун белгилеп туруш керек: канча суу калды, канча суу кирет, канчасы пайдаланылат, канчасы калат, жетеби, жетпейби деген сыяктуу. Ошондой илимий негизделген эреженин жоктугунан ушундай кризис болуп жатат. Болбосо негизинен орто жолдо чиновниктер “бизге энергия бер, ачып-жап” деп отуруп ушуга келдик.

Ал эми суу болсо мурункудай эле көп жылдык орто эсепте эле болот. Мисалы, азыр 7 миллиард 600 миллион куб. метр суу калды. Баардык көлөм 19,5 миллиард. Бирок бул жылдын аягына чейин суунун өзү эле 12 миллиард куб. метр суу болот. Ошону алса эле толот. Бирок толтура албай калышыбыз мүмкүн. Себеби биз Өзбекстанга, Казакстанга негизги сууну беришибиз керек. Келишим түзүлгөндө аларга көбүрөөк бөлүнүп калган. Андыктан биз сууну толтура албай калышыбыз толук ыктымал. Ал үчүн кайра эрежелерди толуктап, же болбосо келишимди кайра карап чыгыш керек.

Ал эми электр энергияны иштете албай калганыбыз болсо, алар биз иштете албай калган электр энергиянын баасын төлөп туруш керек эле. Аны төлөбөй жатышат. Биздики сураган жок. Эгерде Токтогул суу сактагычын электр энергия кылып иштете турган болсок, кышкысын эле 2 миллиард киловатт саат электр энергия алышыбыз керек эле. Анын өзү эле 50 миллион доллар болот. Андан да башка чыгымдар бар. 150 миллион долларды тигилер берип турса, биз электр энергия барбы, жокпу ошол жетпеген электр энергияны кошундардан, же болбосо мазут, нефти, газ ж.б. сатып алмакпыз. Ошонун баары иштебегендиктен болуп жатат.

Кыйынчылык болот. Болгон менен анын негизги механизмдери бизде иштелип чыккан. Аны эч ким пайдаланган да жери жок, сураган да жери жок. Андыктан ушундай кыйынчылыкка такалып келип жатабыз.

-Дүйшөн мырза, сууну үнөмдөш үчүн Токтогул суу сактагычын толтуруп, ГЭСтин тиешелүү деңгээлине жеткирүү максатында учурда өкмөт электр энергиясын кезек менен өчүрүү системасына өтүп жатат. Бул канчалык деңгээлге жардамын бере алышы мүмкүн?

-Азыркы учурда электр жарыгын өчүрүп жатканы туура эмес. Жардам бербейт. Кичинекей мамлекет болсок каскат, гидроэлектростанцияларыбыз турса анан электр энергия жетпейт дегендин өзү туура эмес. Идеянын, идеологиянын, стратегиянын жоктугу болуп жатат. Эми айла жок өчүрөт да. Ал чектүү маселе эмес да.

-Бирок суу көйгөйү жалаң эле Кыргызстанды эмес, жалпы Борбор Азия өлкөлөрүн да тынчсыздандырып жатат. Сиз жаңы эле айтып өттүңүз, сууну Казакстан менен Өзбекстанга бербесек болбойт деп. Өкмөт башчынын бир айтканы бар эле “биз сууну товар катары сатышыбыз керек, эмнеге биз Казакстандан мазутту жана Өзбекстандан газды дүйнөлүк баа менен сатып алабыз дагы өзүбүздүн суубузду сатканга акыбыз жок” деп. Буга кандай көз караштасыз?

-Эми булар товар кылып сатабыз дегени менен ошол айтып жаткан киши сууну товар катары тааный элек. Ал бир мыйзам болгону менен токтом болуш керек. Мисалы, эртеңден баштап сууну товар катары биз өзүбүз таанып, өзүбүз төлөйлү деп. Кыргызстан өзү сууну товар катары төлөтө элек. Анан кантип бирөөдөн сурайт “төлөгүлө” деп. Андыктан, биринчи өзү төлөш керек дагы андан кийин кошуна мамлекеттерди төлөтүш керек. Алар болсо 1997-жылдан бери биздин сууну товар катары сатып келишет. Ал эми биз болсо мыйзам кабыл алганбыз, бирок аны ишке ашыра элекпиз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG