Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:38

17:32 ЭлТР коомдук телекомпаниясынын Байкоочулар кеңешинин жыйыны болбой калды


Бүгүн Байкоочулар кеңеши ЭлТР коомдук телекомпаниясынын мурунку жетекчиси Кадыр Кошалиевдин отчетун угуп, баш директордун милдетин аткаруучу Мамырайым Дуванаевдин план-программасын талкуулап, анын дайындалышына макулдук берүү же бербөө маселесин карамак. “Бирок, аталган органдын мүчөлөрү чогула албагандыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Жеке пикиримде, мунун артында бийликтин кандайдыр бир кызыкчылыгы жатат өңдөнөт”, - деп билдирди “Азаттыкка” ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин төрагасынын орунбасары Токтобай Мүлкубатов. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин жыйыны бүгүнкүгө дайындалбагандыгын, андыктан башка комментарий берүүнүн зарылчылыгы болбогондугун айтты. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG