Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

АДАХАН МАДУМАРОВ КЫЗМАТЫНАН КЕТЕТ


Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кеткенин жарыялады. Андан мурун Жогорку Кеңештин этика жана регламент комитети Мадумаровдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/7B80B166-8EE9-4AF2-8E78-7CE8A983A176.ASP тартибине байланыштуу берилген үч кайрылууну караган. Жыйынтыгында “төрага депутаттын этикасы менен парламенттин регламентин бузган” деген чечимге келип, фракциялардын талкуусунан кийин Мадумаровдун тартипти сактоосу тууралуу маселени жалпы парламент кароосуна сунуштады. Андан кийин спикердин тагдырын “Ак жол” фракциясы жабык эшик артында талкуулады.

“Ак жол” фракциясынын жыйыны жабык эшик артында өттү. Ага 62 депутат катышты. Жыйындын күн тартибинде бир гана маселе - спикер Адахан Мадумаровдун жүрүм-турум тартиби жөнүндөгү маселе болду. Эки сааттык жыйындан кийин Мадумаров спикерликтен кетээрин билдирди. Ал “Ак жол” партиясынын төрагасынын чечиминен улам ушундай чечимге келгендигин билдирди. Ал эми партиядан да кетет деген маалыматты тастыктаган жок. Бирок аны бүгүн чечээрин билдирди.

Андан тышкары кырдаалдын ушундай болуп түзүлүшүнө айрым адамдар өбөлгө түзгөндүгүн кыйытуу менен билдирип, “эгер ишиңде кандайдыр бир күмөн саноо болсо, жигиттик чечим кабыл алыш керек” деп билдирди. Мындан сырткары ал депутаттыктан да кетээрин билдирди.

“Ак жол” партиясынын фракциясынын жыйынына катышкан Бегалы Наргозуев бул тууралуу пикирин мындай деп билдирди:

-Бүгүнкү чогулушта бир эле маселе каралды. Адахан Кимсанбаевичти төрагалыктан чакырып алуу маселеси каралды. Ал кишинин пикирин өзүнүн көзүнчө талкуулайлы деген максатта ушул күнгө калтырганбыз. Дүйшөмбүдөн шаршенби күнгө жылдырылган. Бүгүн аталган маселелерди карадык. Өзүнүн пикирин уктук.

Ал “мен чечим кабыл алдым, мен кетемин, арызымды жазып киремин” деп айтты. Негизинен көп депутаттар чыгып сүйлөштү. Эч ким аны сынга алган жок. Бардыгы “эми сиз биздин партиянын төрагасынын жыйынын угуп, төрагалыктан кетсеңиз да депутат болуп иштеп бериңиз” деген чакырыктарын айтышты. Бирок ага Адахан Кимсанбаевич ынанбагандай болду. Негизинен биз ал кишини эртеңки ушул маселесин - төрагалыктан чакыруу маселесин парламенттин эртеңки сессияда добушка койдук. Ал добуш менен кабыл алынды дээрлик бир добуш менен.

-Эми спикердин орду бошоп калса, ага ким келиши мүмкүн?

- Депутаттардын арасында өз ара пикир алышууларда бир нече депутаттардын аттары аталып жатат. Бирок талапкерлердин бардыгы мен ойлойм биздин партиянын саясий кеңешинин президиумунун талкуусунан өтүп, бир чечимге келгенде гана аныкталат.

Спикер Адахан Мадумаровдун ушундай чечимге барышына кандайдыр бир адамдардын топтору өбөлгө түзүп жатса керек деген маалыматты кыйытып айтты. Бирок кимдер экенин так аныктай алган жок. “Ошол адамдардан сурап билиңиздер” деген пикирин билдирди. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө өткөндө фракциянын мурдагы лидери Элмира Ибраимова менен экөөнүн кайым айтышуусу себеп болгон.

Бүгүн регламент жана этика комитетинде башка депутаттар бар экендиги белгилүү болду. Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиева жана “Ак жол” фракциясынын өкүлү Кубанычбек Исабеков дагы “төрага регламентти бузуп жатат жана депутаттардын этикасын бузуп жатат” деп кайрылган. Мына ошолорду карап, видео тасмаларды көрүп, стенограмманы окушкандан кийин чындыгында төрага регламентти бузган деген пикирге келип, бул маселени жалпы жыйындын палатасына алып чыгышкан болчу.

XS
SM
MD
LG