Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Индонезия мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюмунан чыга турганын жарыялады. Расмий Жакарта муну өлкө азыр мунайды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/3F5D6906-67A1-4533-917F-CDEFF0228BD8.asp сыртка саткандын ордуна өзү көбүрөөк керектеп калганы менен түшүндүрдү. Индонезия мындай чарага мунайдын, ага катар күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу дүйнө мамлекеттеринде нааразылыктар чыгып жаткан учурда барууда.

Индонезия курамына он үч өлкө кирген мунай картелинин Түштүк–чыгыш Азия чөлкөмүнөн жалгыз мүчөсү эле. ОПЕКке 1962-жылы ал негизделгенде эле кошулган. Эми өлкө ОПЕКтен чыгып жатканын энергетика министри Пурномо Юсигианторо бүгүн Жакартада чет элдик кабарчылар менен жолуккан учурунда жарыялады.

Мунай өндүрүшүнүн чен-өлчөмүнөн алганда, Индонезия ОПЕКтин кичинекей эле өлкөсү. Анын мунай өндүрүшү 1990-жылдардан тартып эле төмөндөй баштаган. Өлкө азыр күнүнө 1 миллион баррелге жетпеген мунай өндүрөт, ошол эле учурда 1,4 миллион баррел кара майды керектейт. Демек ал мунайга карата ички керктөөсүнүн кеминде үчтөн бир бөлүгүн тыштан алууда.

Глобалдык энергетикалык изилдөөлөр боюнча Лондондогу борбордун эскперти МанучерТакиндин айтымында, Индонезия ОПЕКтен чыгууну соңку эки жыдан бери эле караштырып келген. Андыктан анын бүгүнкү жарыясы күтүүсүз эмес:

-Ички энергиянын арзандыгынан улам башка өлкөлөрдөй эле анын ички керектөөсү да акырындык менен көбөйүп келди. Чалгындоолорго карабай, алар чоң өлчөмдөгү корду таба алышкан жок. Мунайга караганда газды көбүрөөк табышты. Демек өндүрүш ички керектөөнү канаттандыра албай калды, чийки мунайдын экспорту азайгандан азая берди, азыр ал өздөрү жарыялагандай, дээрлик мунай импорттоочу.

Кандай болгон күндө да Индонезиянын бүгүнкү жарыясы кара майдын баасы рекорддук чекте турган мезгилге дал келип олтурат.

Кымбатчылыктан улам дүйнөлүк өндүрүштүн 40%ы үлүшүнө туура келген ОПЕКтин дарегине сындар айтылбай койгон жок. Акыркы жылдары мунай баасынын тынбай көтөрүлүүсүнөн улам уюмга кирген өлкөлөрдүн дарегине өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү чакырыктары айтылып, бирок базардагы кырдаалды тынчыткыдай деңгээлде орундалбай келүүдө.

Өткөн аптада эле кара майдын бир баррели 135 долларга чейин чыкты. Бул жыл башындагыдан 30%дан ашуунга жогору дегенди туюндурат. Баанын асмандашына таасир берген факторлор катары доллардын нарксыздануусу, күйүүчү майга карата суроо-талаптын өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн күчөгөндүгү аталып жатат.

Күйүүчү майдын кымбатташына бйланыштуу нааразылык акциялары Азия өлкөлөрүндө гана эмес, Евробиримдиктин Франция, Британия сыяктуу байгер мамлекеттеринде да орун алды.

Британ премьер-министри Гордон Браундун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, "соңку он жылдыктардагы үчүнчү ири мунай шогуна" каршы туруу үчүн кеңири масштабда эл аралык аракет керек.

Айрым эксперттердин көз карашында мунай баасы баррелине 200 долларга чейин чаап барышы мүмкүн.

Ал эми баа арзандайт деген оптимисттер муну ириде рыноктун өзүн өзү жөнгө салуусуна байланыштырышууда. Бул кымбатчылык керектөөнү кыскартат жана глобалдык экономикалык өсүш төмөндөп жаткан шартта баа да арзандайт дегендик. Глобалдык энергетикалык изилдөөлөр боюнча Лондондогу борбордун эксперти Манучер Такин мындай дейт:

-Биз мунун таасирин көрө баштадык. Биринчи кезекте баа 130 долларга чаап барып же андан ашып кеткенде, албетте, керектөөчү жекече реакция кыла баштайт. Мисалы АКШда өткөн Мемориал дем алыш күндөрүндө байкалгандай, автоунаасын узак аралыкка айдабоо аркылуу. Жалпысынан дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүндө деле адамдар мунайды көп сарптоодон сак боло башташты.

Балким мына ошондой өзүн-өзү жөнгө салуунун баштапкы белгисиби, мунайдын бир баррелинин баасы бүгүн 127 долларга түштү.

Ал эми дүйнө боюнча кара майды эң көп керектеген АКШда өлкөнүн Транспорт министрлигинин өткөн аптадагы жарыясына караганда, америкалыктар жалпы эсептен алганда быйыл март айында автоунаа менен өткөн жылдын мартына салыштымалуу 11 миллиард милге аз жүрүшкөн. Британдык "Financial Times" гезити бүгүнкү санында белгилегендей, бул былтыркы жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 4,3%га аз айдагандык.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG