Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

ОШ: 14 ДАРЫГЕРДИН ҮСТҮНӨН СОТ ИШИ БАШТАЛДЫ


Ноокат районунда 14 медициналык кызматкердин үстүнөн сот жараяны жабык эшик артында башталды. Ак халатчандар кызматына шалаакы мамиле жасаган жана балдарга СПИД илдетин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/F4B9BE3C-5026-473E-9848-9DF6EF6FBA23.asp жуктурган деп айыпталууда. Ал эми жабырлануучулардын өкүлү алардан материалдык чыгымды төлөп берүүнү талап кылууда. Медициналык кызматкерлер коюлган айыптар негисиз деп эсептешүүдө.

ВИЧ илдетин жуктуртуп алган энеге микрофон сунганыбызда, ал буларды айтты:

- «Дарт баладан энеге эмчек аркылуу өтөт. Көкүрөгүңүз ооруп турат. Эмизбе!» деген пенде болгон жок. Бул эмне, дарыгерлердин айыбыбы, же өзүмдүкүбү? Илдеттин дабасын таба албай башым катты. Канткен күндө да, медициналык кызматкерлердин айыбы чоң. Аларды жазалоону өтүнөм.

Ошондой эле жабырлануучулардын жактоочусу Фатима Хабибулина ата-энелердин көпчүлүгү сотко катышуудан баш тартышкандыгын, бирок оокат-аштан жана каражаттан абдан кыйналып жатышкандыгын, ошол себептүү Оштогу «Кайрат» бейөкмөт уюму тарабынан бейкүнөө балдарга жана апаларга айыпталуучулардын эсебинен моралдык-материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылып сотко кайрылышкандыгын бышыктады.

- Чынында, ВИЧ илдетине кабылган энелердин, балдардын акыбалы оор. Оокат-аштан, дары-дармектен кыйналышууда. Ошондуктан, «Кайрат» борбору айыпталуучулардын эсебинен моралдык-материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылып, сотко өтүнүч жолдоду. Көпчүлүк апалар айкындуулуктан, элге билинип калуудан чочулап сот жараянына катышуудан да баш тартып жатышат.

Айыпталуучулардын бири, Оштогу СПИДке каршы күрөшүү борборунун башчысы Түгөлбай Мамаев аймакта ВИЧ дартына 69 бала, 16 эне чалдыккандыгына тынчсызданып, абал Ноокат, Карасуу райондорунда чатак экендигин, ошентсе да, мамлекеттик каралоочу угузган айыбын мойнуна албай тургандыгын, накта шалаакылар соттун жүрүшүндө аныкталаарын айтат:

- Мунун көбү Ноокатта. Андан кийин Карашоро районунда. Көрсөткөн балдардын он алты апасынан ВИЧ инфекциясы чыкты. Чындыгында сакайтам деп келип ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган ата-энелердин абалын туура түшүнүш керек. Бул жерде жашыра турган эч кандай сыр деле жок. Фамилиялары кеткен. Менин да фамилиям бар аны ичинде. Бул жерде эч кандай мыйзам бузулду дегенге жатпайт. Себеби элдин баары билет кимдер күнөөлүү экендигин.

Жергиликтүү талдоочу Султан Мамытов мамлекет тарабынан жабырлануучуларды колдоо чындап эле начардыгына токтолуп, сот ишинен майнап чыкпастыгын маалымдады.

- Азыр бул Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат. Шанстар азыраак. Себеби бул жуктурулуп алынган ооруну далилдеш өтө кыйын.

XS
SM
MD
LG