Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КОНГРЕССИ ТҮШТҮКТӨ


Бүгүндөн баштап 31-майга чейин Кыргызстан аялдар конгресси Ош жана Жалалабат облустарында болуп, конгресс басып чыгарган “Улут келечеги үчүн күрөш” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/A9CDFC30-B6CC-461A-B58F-1CF39F74CA51.asp жана “Кыргызстан айымдары” китептеринин бетачарын өткөрөт.

Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан даярдалып басылып чыккан “Улут келечеги үчүн күрөш” жана “Кыргызстандын айымдары” аттуу китептердин бетачар аземи бүгүн Ош жергесинде, эртеңден баштап Жалалабат жергесинде өтмөкчү. Ал эми июнь айында Кыргызстан аялдар конгресси Чүй, Талас жана Ысыккөл облустарында болот.

Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышеванын “Улут келечеги үчүн күрөш” аттуу эмгегинде Кыргызстандын аялдарынын саламаттыгы тууралуу орчундуу маселелер козголуп, китеп ар бир кыргыз аялзатына түшүнүктүү болсун үчүн кыргызча жазылды, деди аталган эмгектин автору Замира Акбагышева:

-Мен бул аталган китебимде айрыкча ВИЧ СПИД тууралуу кеңири маалымат берүүгө аракеттендим. Биз жер-жерлерге барганыбызда – кандай гана проблемалар тууралуу китеп чыкпасын, орус тилинде, кыргызча андай китептер жок деген дооматтарын айтышат элибиз. Ошондуктан бул китеп кыргыз тилинде жазылды. Мындай орчундуу маселелер тууралуу эмгектерди кыргыз тилинде чыгарууга маани беришибиз керек.

Кыргызстан аялдар конгресси Кыргызстандын туризминин бизнес-инкубаторун түзүү боюнча Дүйнөлүк Банктын сынагына катышууда.

Бүгүн Ош жергесинде бетачары өтүп жаткан Кыргызстандын алдыңкы эмгеги менен көрүнгөн аялзаттарынын бейнесин тарткан “Кыргызстандын айымдары” китебин басып чыгаруунун максатын конгресстин төрайымы Замира Акбагышева төмөнкүчө белгиледи:

-Мына ушул кыйын күндөрдө өзүнүн үйбүлөлүк жүгүн көтөрүү менен Атажуртубузга жардамын тийгизип жаткан айымдарыбыз арбын. Алардын аткарып жаткан ишин элибизге тааныштыруу – башкы максатыбыз болуп отурат.

Учурда Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан “Кыргызстандын айымдарынын” 2-китеби даярдалууда.
XS
SM
MD
LG