Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

Бишкекте V Бүткүл дүйнөлүк суу форумунун алкагында эл аралык конференция өтүүдө. Анда Орто Азиядагы суу ресурстарын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/DB0254B5-3F14-42C2-AA9E-5083AC46142A.asp пайдалануу жана өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүндөгү көйгөйлөр козголууда. Айыл, суу чарба жана кайра өндүрүү министри Арстанбек Ногоев жыйында сууну товар катарында кароо маселеси козголорун билдирди. Аталган конференцияны уюштуруп жаткан Түркия өкмөтүнүн айлана-чөйрө жана токой чарбасы боюнча министри Вейсел Эроглу суу маселесинен башка эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү багытында өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен жолугушууда кеп болорун кошумчалады.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтүп жаткан суу маселесине арналган эл аралык форумда Тажикстандын мелиорация жана чуу чарба министри Саид Яхубзод эл аралык келишимдерге ылайык сууну пайдаланган эле өлкөнүн жеке кызыкчылыгын колдобой, суу башындагы өлкөлөрдүн дагы кызыкчылыгын эстен чыгарбоону өтүндү.

- Суу башы болгон өлкөлөр, суунун төмөн жагындагы мамлекеттерге милдеттүү болуп келет. Эмне үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын суу маселесин Дублин Конвенциясынын алкагында кароого болбойт? Анда суу товар катарында көрсөтүлгөн. Демек суу экономикалык жактан дагы каралышы керек деп эсептейм.



Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев сууну товар катарында кароо маселесин бул конференцияда козгоп, эл аралык колдоого жеткириш керектигин баса белгиледи.

-Чынында биздин жерден агып чыккан сууларды коңшу өлкөдөгүлөр бекер эле колдонуп келишпедиби. Суу дагы газ, мунай сыяктуу эле баасы жогору экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Кыргызстандагы суу запастарын үнөмдүү, туура пайдалануу үчүн бизге инвестиция керек. Көп каражат керек. А каражатты кайдан табабыз? Качан гана сууну товар катарында сатсак көптөгөн каражаттар келет. Биздин келечек сууда. Ошондуктан мен сууну товар катары сатууну туура көрөм.





Түркиянын айлана чөйрө жана токой чарба министри Вескел Эроглы учурда суу маселеси бүткүл дүйөлүк мааниге ээ болуп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын сууну товар катарында кароо боюнча көтөрүп жаткан маселесин колдоорун билдирди.

-Суу сатыла турган товар катарында кабыл алынышы керек. Эмнеге дегенде суу ресурстары түгөнө баштаганда ушундай бир кооптуу маселе болот. Сууну сатып андан түшкөн каражаттар менен суу чарба тармагын өнүктүрүп, суу запастарын кошумча чогултуу зарыл. Кыргызстан тарап суу сатуу ыкмасын Түркиядан да үйрөнсө болот. Бул маселени сууну пайдаланып жаткан өлкө дагы туура түшүнүшү керек. Себеби акча каражатын жумшабай бекер сууну алып атабыз деп, алар сууну үнөмдөбөй өтө эле коромжу кылышат да. Эгерде суу сатылса алар үнөмдөп калышат эле.

Ал эми Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов өткөн жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн Борбор Азиядагы суу маселесине токтолуп, аны орток байлык катары колдонуу керектигин билдирген эле.

-Борбор Азияда суу-энергетика ресурстарын жөндүү пайдалануу маселеси бүгүнкү күндө кыжырды келтирген ар кандай мамилелерди жаратууда.

Ислам Каримов агын суулар бардык элге бирдей экенин, бул маселе боюнча «жумурткадан кыр издөөнүн» кажети жоктугун баса белгилеген.



Келерки жылы март айында Стамбулда өтүүчү V Бүткүл дүйнөлүк суу форумда Кыргызстан сууну товар катарында пайдалануу маселесин көтөрүп чыгарын билдирген министр Арстанбек Ногоев, агып жаткан сууларды сатуудан түшкөн каражаттарга кошумча суу сактагычтар курулуп, мөңгүлөрдү жана таза суу запастарын сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.
XS
SM
MD
LG