Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Иран президенти Ахмадинежад азык-түлүк коопсуздугуна арналган БУУнун конференциясына катышат


Конференция келерки жумада Римде өтмөкчү. Бул Махмуд Ахмадинежаддын президент катары Батыш Европага биринчи сапары болмокчу. Италиянын тышкы иштер министри кабарлагандай, Ахмадинежад 3-5 июнда өтчү конференцияга катышаарын билдирген. Бирок Ахмадинежаддын бул пландары тууралуу расмий Тегеран али унчуга элек. 2007-жылы Ирандын президенти Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун башкы жыйынына катышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG