Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Парламент төрага Мадумаровду --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/FFACDCFB-39AA-4DFA-9CDF-B833B4E8E7D7.ASP мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу маселесин күн тартибине киргизди. Мындай сунушту төрага орунбасары, “Ак жол” фракциясынын башчысы Азизбек Турсунбаев киргизип, фракциянын кечээки чечимин окуп берди. Бул маселе 79 добуш менен кабыл алынды.

28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров кызматынан кетерин жарыялаган. Спикер мындай чечимин “Ак жол” фракциясынын жабык эшик артында өткөн жыйынынан кийин билдирди. Ага чейин парламенттин этика жана регламент комитети Мадумаровдун иш тартибине байланыштуу берилген 3 кайрылууну карап, төрага депутаттын этикасы менен парламенттин регламентин бузган деген чечимге келген.
XS
SM
MD
LG