Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Шаршемби күнү КПКнын борбордук комитетинин баш катчысы, төрага Ху Цзинтао Тайвандагы башкаруучу Гоминдан партиясынын жетекчиси У Босюнду кабыл алды. Бул окуяны Пекинде “тарыхый саммит” деп аташты. Мындан элүү жыл мурда Тайван континенталдык Кытайдан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A86332C4-000B-43B8-BAC6-EA3C7C11C8A9.asp бөлүнүп кеткенден бери эки тараптын жогорку жетекчилери биринчи ирет жолугушту.

Тайвандын башкаруучу Гоминдан партиясынын төрагасы У Босюн Кытайда алты күндүк сапарда жүрөт. Пекинге келерден мурда ал Нанкинде болду. Эми Шанхайга барат. У Босюндун бул визити Тайванда быйыл бийликке келген жаңы жетекчиликтин материктеги мекендештери менен көп тараптуу карым-катнаштарды кеңейтүүнү көздөгөн саясатын жүзөгө ашыруунун алгачкы кадамын билдирет.

Тайванда соңку сегиз жылдан бери демократиялык прогрессивдүү партия бийликте турган эле. Демократтар аралдын көз карандысыздыгын жактап келишкен. Бирок алар бийликти быйыл парламенттик жана президенттик шайлоодо Гоминдан партиясына уттуруп жиберишти. Аралдын жаңы президенти Ма Инцзю Кытай эл республикасы менен мамилелерди жөнгө салып, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү өз өкмөтүнүн башкы багыттарынын бири кылып жарыялаган.

У Босюн баштаган делегация он алты кишиден турат. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын ортосунда тикелей авиабайланыш түзүү, туристтик карым-катнаштарды активдештирүү сыяктуу маселелер талкууланат. Деген менен делегацияга кандайдыр бир келишим же документтерге кол койгонго мандат берилген эмес. Президент Ма делегаттарга арал менен материк ортосундагы “бейпил алакалардын жаңы барагын ачып келүүнү” табыштады.

Шейшемби күнү У Босюн Пекинде компартиянын жогорку даражалуу өкүлү Цзя Цинлин менен жолуккан эле. Шаршемби күнү аны КПКнын лидери, төрага Ху Цзинтао кабыл алды. Жолугушуу учурунда Гоминдан лидери тайвандыктардын бул сапары Тайбэй менен Пекиндин байланыштарын өнүктүрүүгө, аралдын коопсуздугуна көмөктөшөрүнө ишенич билдирди. “Бизде табыгый кырсыктан сактап кала турган бийлик жок,- деди У Босюн. – Бирок биздин күч-аракетибиз аркылуу Тайван кысыгы эч качан согушту көрбөгүдөй абалды кепилдей алабыз. Төрага Цзинтао менин бул пикириме кошулат деп ойлойм”.

Цзинтао өз тарабынан аралдын эл аралык иштерге катышуусу тууралуу маселени талкуулап көрүү мүмкүнчүлүгүн ырастады. “Өз ара консултацияларды жандантуу жагы чечилген соң бул проблеманы,анын ичинде Тайвандын Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ишине катышуусун карап көрүүгө болот”,- деп билдирди төрага.

Кытай көптөн бери Тайвандын эл аралык ар кандай уюмдарга катышуу аракетине жол бербей келатат. Аралды Пекин өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG