Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Беларус президенти Александр Лукашенкодо быйыл абактагы саясий айыпкерлердин баарын бошотуп, Батыш менен мамилесин оңдоо багытында маанилүү кадам жасоосу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болгон эле. Бирок мунун ордуна ал Беларус --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/732E4E3D-15DF-4575-A4A5-8588412CB41B.asp үчүн Европанын адамдар саясий ишениминен улам соттолгон жалгыз өлкөсү деген макамды сактап калууга артыкчылык берди. Эмне үчүн?

Беларуста быйылкы жылдын январь-февралында саясий айыпкерлердин төртөө бошотулган эле. 23-январда абакта чыгарылган Змитсер Дашкевич Жаштар фронту деген уюмдун лидери болчу. Каттоодон өтпөгөн бирикмени жетектегени үчүн 18 айга кесилген.

Ушул эле уюмдун дагы бир лидери Артур Финкевичтин бир жарым жылдык жаза мөөнөтүн сот 5-февралда капыстан эле кыскартып, бошотту. Андан он күндөн кийин президент Александр Лукашенко өз жардыгы менен Андрей Климау аттуу оппозициячыл саясатчыга азат берди.

Мурда да бир нече ирээт абакка түшкөн Андрей Климау былтыр августа Интернеттеги макаласы аркылуу президентти кордогону, өлкөдө ыңкылап жасоого чакырганы үчүн эки жылга кесилген болчу. Февралда ошондой эле өлкөнүн Жогорку соту Александр Ждвижко аттуу журналисттин үч жылдык жаза мөөнөтүн үч айга түшүрдү.

Жогорудагы көрүнүштөр саясий айыпкерлерди азат кылуу маселесинде Беларус Евробиримдик менен кандайдыр бир келишимге барып жатканын ишара кылган.

Муну Беларустун тышкы иштер министри, президент Александр Лукашенко мене катар Евробиримдикке каттоосуна тыюу салынган 36 адамдын ичиндеги Сергей Мартыновдун февралда Германияга жашыруун барып келүүсү да ырастагандай болгон.

Ал Берлинге Евробиримдик саясий айыпкерлердин бошотулганынын ордуна Беларуска эмне тартуулай алат деген маселени талкуулоо үчүн барган деп жоромолдоого негиз бар.

Анткен менен макулдашуунун чоо-жайы коомчулукка ачык айтылган эмес. Бирок бул иштеги толук ийгилик Беларустун ошол мезгилге карата абакта калган акыркы жана таанымал абийир туткуну, президенттикке мурдагы талапкер Александр Казулиндин бошотулушуна көз каранды экени анык болуп калган. Бирок Брюссель менен Минскинин соодасы дал ушул Казулиндин ишине келгенде бузулду.

Кезинде Беларус мамлекеттик университетинин ректору болгон Александр Казулин 2006-жылдын мартындагы шайлоодо Лукашенкого атаандаш катары чыккан эле. Андан киийин шайлоо жыйынтыгына каршы массалык нааразылык акцияларды уюштурганы үчүн камакка алынып, беш жарым жылга түрмөгө кесилген болчу.

Камакта жаткан жеринен бир ирээт БУУнун Коопсуздук кеңеши өзүнүн күн тартибине Беларустагы адам укуктары маселесин киргизүүсүн талап кылып, 53 күн бою ачкачылык жарыялаган.

Рак дартынан жапа чегип келген жубайы быйыл 23-февралда каза тапканда Казулин Евробиримдиктин кийлигишүүсү аркасында аялын акыркы сапарга узатуу үчүн үч күнгө абактан чыгарылды. Ушул үч күндүн аралыгында ал жергиликтүү көз-карандысыз жана эл аралык маалымат каражаттарына бир катар интервьюларды берип, мурда айтылып келинген ушак–айыңды ырастады.

Казулиндин билдиргенине караганда, президент Лукашенко ага жубайын четте дарылатууга жардам кылуу үчүн мөөнөтүнөн мурда бошонууну сунуш кылып, бирок алар өлкөгө биротоло кайра кайтып келбей турган шартта гана ушуга барарын айтырган. Алар бул сунушту кабыл алган эмес.

Айтор Казулиндин ишинде беларус президенти өзүнүн саясий атаандаштарынан аларды эмиграцияга кетүүгө мажбурлоо жолу менен кутулууну көздөгөн саясий алсыздыгын көргөзгөнү ачык болуп калды. Өткөн айда эле парламентте, калкка жасаган кайрылуусунда Лукашенко Казулиндин ишине да токтолуп, кооздоп сүйлөгөндөн тартынган жок:

-Ал абактан бошотулушу үчүн бүткүл дүйнө кийлигишүүсүн жана беларус бийликтери алардын жапырт кысымы алдында калышын эңсейт. Сен деги кимге керексиң? Сени, кечирип коюңуздар, дааратканадагы кагаздай колдонуп, таштап коюшат. Сен болсо бирөөгө керекмин деп ойлойсуң. Бул - өткөн доор.

Баяндамачылар Лукашенко Казулинди абакта чыгаруудан кетенчиктөөсүн ал 2011-жылкы шайлоодо атаандаш болуусун алдын алуу чарасы катары сыпатташат.

Ушу тапта болсо Лукашенко саясий айыпкерлерди Батыш менен жакшы алакага алмашуу пландарын токтоткон кези. 22-апрелде быйыл январдагы демонстрацияда полицияга кол көтөргөн деген айып менен оппозициянын эки активисти Андрей Ким бир жарым, Сергей Парсиукевич эки жарым жылга соттолушту. Ушул айдын ичинде жаштардын дагы тогуз активист ошол окуяга байланыштуу бир жарым-эки жылга чейин шарттуу түрдө кесилишти.

Башкача айтканда, "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Беларус боюнча аналитиги Ян Максимиуктун пикиринде, саясий айыпкерлердин катары Батыш менен мамилени оңдоо боюнча ыктымал жаңы сүйлөшүүлөрдү бир убакта кайрадан баштоого даярдануу үчүн толукталды өңдөнөт.

Евробиримдик 2006-жылдын ноябрында Беларустагы азыркы режим демократияны көздөй чегинсе аны менен кызматташууга барууга даяр экенин билдирип, бирок бул үчүн расмий Минскиге саясий айыпкерлерди бошотуудан башка дагы он бир шарт койгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG