Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

ЭЛ АРАЛЫК МУНАПЫC УЮМУ ОРУСИЯДАГЫ АДАМ УКУГУ БОЮНЧА МЕДВЕДЕВГЕ КАЙРЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Эл аралык адам укугун коргоочу Amnesty International уюму Орусияда адам укугун коргоо боюнча чукул чара көрүүгө чакырып, президент Дмитрий Медведевге кайрылды. Аталган уюмдун өкүлү 28-май күнү Москвада маалымдоо жыйын өткөрүп, бир жыл ичинде дүйнөдөгү адам укугунун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/02/CE58B5D6-76C5-43AC-A5DC-83A7CED00F05.asp абалы жөнүндө доклад жасап жана ал жерде орусиялык бийликке багышталган кайрылуусун да жарыялады. Ал кайрылууда бийликтин тез аранын ичинде өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзамды кайра карап чыгуусу жана анын турмушка ашырыла башташы айтылат. Amnesty International уюмунун баамында, кийинки учурда Орусияда кабыл алынган мыйзам андай уюмдардын ишкердигине бөгөт койгон мүнөздө.

Amnesty International уюмун тынчсыздандырган маселелер: Түндүк Кавказдагы адам укугунун абалы, өңү-түсүнө карап зордук-зомбулук кылуулар, сот ишкердигиндеги адилетсиздиктер деп айтылат. Кайрылууда Орусиянын лидерин «Орусия кабыл алган эл аралык адам укугун коргоо милдеттенмесинин алкагында өңү-түсүнө карап бирөөлөрдү уруп-сабоо, өлтүрүү, башкалардан коркуשּׁ-үркүү көрүнүшүн ачык айтып андай көрүнүштөргө каршы күрөш ачуу; өңү-түсүнө карап жек көрүүчүлүктү же кайсы бир саясий, диний, же социалдык топту жек көрүүчүлүктү тараткан кишилерди жоопко тартуу» аракетине чакырат.

Орусиядагы сөз эркиндигинин чектелиши, жыйын-чогулушту жарандардын өздөрү каалагандай өткөрө албашы, абакка кесилгендердин укугунун кордолушу, сот ишинин адилетсиздиги Эл аралык мунапыс уюмун кабатыр кылары дагы кайрылууда белгиленген.

Өңүнө карап зордук-зомбулук кылуу өлкөдө канчалык кең кулач жайганын бийлик көрүп турса дагы, ага карата көрүлгөн чара оң натыйжа бере албай жатат. Мындай жагдайдын саясий шааниси бар экенин Эл арлык мунапыс уюмунун баш катчысы Айрин Кан айым айтат:

-Биз кийинки жылдары Орусиянын авторитаризмге багыт ала баштаганын көрдүк. Саясий каяша айтууларды басуу болду, өкмөттүк эмес уюмдар ишмердигин чектеген мыйзам кабыл алынды, өңү-¬түсүнө карап уруп-сабап, киши өлтүрүү тенденцияга айланды. Албетте, Эмнести Интернешнлди кооптонткон маселе - Чеченстанда болуп жаткандарга айыптуулардын жаза албай калышы.

«Независимая газета» жазганга караганда үстүбүздөгү жылдын беш айы ичинде улутчул жаштар колунан өңү славянга окшобогондор арасынан 72 киши мерт болуп, 126 киши жарадар болушкан. Былтыр бир жыл бою улутчул ээнбаш жаштар кол салуусунан 50 киши өлүп, 200 киши жарадар болсо быйылкы беш айдын эле ичинде 35 киши Москва жана анын тегерегиндеги калааларда, 16 киши Санкт-Петербург менен Воронеж, ошондой эле Свердловск, Ульяновск облусттарда өлтүрүлгөн.

2008-жылы улутчул такырбаштар кол салуусунан 12 өзбек, 9 кыргыз, 6 тажик, 6 азери, 5 орус набыт болуп, 10 өзбек, 5 кыргыз, 23 тажик, 7 азери, 28 орус жарадар болгон. Мындай маалыматты Адам укугу боюнча уюмдун Москвадагы кеңсеси да тараткан.
XS
SM
MD
LG