Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Б.БЕШИМОВ: “АК ЖОЛ” ФРАКЦИЯСЫНДА ИДЕОЛОГИЯ ЖОК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ “Ак жол” фракциясынын жабык жыйынынан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров төрагалыктан кетерин жана депутаттык мандатын тапшырарын айтты. Парламент бүгүнкү отурумунда бул маселени карайт. Ушул тапта парламенттеги фракциялар төраганын ордуна --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/D44CF700-2D80-49ED-9A35-FD425A646D43.ASP талапкерлерди тандап жатышканы дагы айтылып жатат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысы Социал-демократтар фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовду кепке тартты.

-Бакыт мырза, жогоруда айтылгандай, кечээ спикер Адахан Мадумаров төрагалыктан жана депутаттыктан кетерин айтты. Анын ордуна бир нече “акжолчу” талапкерлердин аттары аталып жатат. Сиздердин фракция дагы өзүңүздөрдөн талапкер чыгарышы мүмкүнбү?

-Албетте.

-Мисалы, сиздер кимдердин атын атап жатасыздар? Анткени сиздердин фракциянын мүчөлөрү парламентте саналуу гана эмеспи.

-11 депутат бар. Арабыздан чыгарса болот. Учуру келгенде айтабыз.

-Бакыт мырза, Адахан Мадумаровдун мамлекеттик экинчи бийликтен кетүүсүнүн айланасында бир жумадан бери коомчулукта түрдүү кызуу пикирлер айтылып келе жатат. Кээ бир саясатчылар президент 2010-жылы боло турган президенттик шайлоого азыртадан эле кам көрүп, атаандаштарынын биринен арылууга аракет жасады деп айтып жатышат. Буга карата сиздин пикириңиз кандай?

-Ошондой деп айтса дагы болот. Андан сырткары дагы бул жерде партиянын жалпы түзүлгөнүнөн, фракциянын орун алганда башталышынан бир топ катачылыктар кеткен. Ошондон чыккан нерсе болуп жатат.

Өзүңүздөр карап көрсөңүздөр, партияда, фракцияда буларды идеология, идея бириктирген жок. Булар ар жактан келип эле, иши кылып ошол жерде отуруш керек эле. Жалпысынан биз бийликке келдик деп, мамлекетти башкаруунун башталышында эле туура эмес модель тандап алган.

-Кечээ ушул маселе боюнча “Азаттыкка” берген маегинде мурдагы спикер Өмүрбек Текебаев “азыркы партиялык система менен келген депутаттардын абалы өтө аянычтуу болуп калды. Алар өтө оор, катаал кырдаалга коюлган” деп айтты эле. Текебаев партиянын аракетине каршы чыккан депутаттарды Мадумаров сыяктуу мандатынан ажыратып, керек болсо түрмөгө чейин камап коюшат, деген пикирин айтты. Ушундай көз каранды системаны кандай жол менен өзгөртүүгө болот?

-Партия биринчи ирээтте идеологиянын негизинде биригиши керек. Улуу принциптерди карманып. “Ак жол” андай болгон жок, андыктан ошондой катачылыктар чыгып жатат. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, болбогон нерседен эле булар чалынып, ичинде чыр чатак болуп жаткандан кийин албетте суроо туулат да, ушулар эгерде болбогон жерден ушундай болуп жатса, мамлекетти сапаттуу кайдан башкарсын?

- Кечээ дагы Этика жана регламент комитети Адахан Мадумаровдун өзүнүн ишин карап, анын бир топ депутаттык этикага сыйбаган жоруктары деп айтып чыкты. Ушул жактарынан алганда сиздин жеке пикириңиз кандай?

-Албетте Адахан Мадумаров бир топ катачылыктарды кетирди. Эми бул анын жалпы мүнөзүнө байланыштуу. Бирок муну дагы башкача, маданияттуу жол менен, адамгерчиликтин негизинде чечсе болмок эле. Бирок муну өзгөчө мыкаачылык менен чөгөлөтүп жатат. Ошондуктан албетте маселе чыгып жатпайбы, өздөрүнүн мүчөлөрүн, болгондо дагы көрүнүктүү инсандарына алар ушундай мамиле жасап жаткандан кийин, жалпысынан элди ынтымакка, адамгерчиликке жана биримдикке кантип чакыра алат?

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG