Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

АЙТИБАЙ ТАГАЕВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТӨРАГАЛЫГЫНА ШАЙЛАНДЫ


Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында бул орунга көрсөтүлгөн талапкерге 77 депутат макул, 2 депутат каршы добуш беришти. Натыйжада Айтибай Тагаев көпчүлүк добуш менен ЖК төрагалыгына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/D44CF700-2D80-49ED-9A35-FD425A646D43.ASP шайланды деп табылып, парламент бул боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Жаңы төрага ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирген соң, парламент саат 14кө чейин танаписке тарады.

Талапкерлиги көрсөтүлгөн соң Айтибай Тагаев депутаттардын алдына чыгып, үч фракция менен да жолугушуп келгенин, чынында төрагалыкка көрсөтүлүшү күтүүсүз болгонун айтып, ишеним көрсөткөнү үчүн президентке жана “Ак жол” партиясынын саясий кеңешине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал 90 депутатты бөлбөй, бардык фракциялар менен бирдей иштешээрин, алдыда экономикалык бир катар мыйзамдарды кароо зарылдыгы турганын, алар убагында кабыл алынса парламент элге кыйла жардам бермектигин белгиледи. Талапкерге депутаттар тарабынан эч кандай суроо берилген жок.

Айрым депутаттар президент тарабынан Айтибай Тагаевдин талапкерлиги сунушталганына таң калып жатышканын журналисттерге билдиришкен. СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов Ак үйдүн таасири менен ушундай иш болуп жатканын, бул келечекте терс таасирин тийгизээрин айтканын парламентте жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Айтибай Тагаев 1958-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Эскиноокат айылында туулган. Мурдагы чакырылыштагы парламент депутаты болгон. 2007-жылдан бери “Ак жол” партиясынын мүчөсү.

XS
SM
MD
LG