Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Р.ОТУНБАЕВА: БЕЙПИЛДИК ОРНОТУУЧУЛАРДЫН САЛЫМЫ ЗОР


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек 29-май Бейпилдик орнотуучулардын эл аралык күнү. Мындан сырткары бул күн Кыргыз аскерлеринин кесиптик майрамы болуп эсептелет. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Роза Отунбаева “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Сиздин БУУнун өкүлү катары грузин-абхаз чыр чатагынын үстүндө дал ушул бейпилдик орнотуучу күчүндө иштегениңиз белгилүү. Бейпилдик орнотуучу күчтөр кээ бир көп жылдап чыр-чатак басылбаган аймактарда дагы иштешет. БУУнун ушул миссиясы тууралуу айтып кетсеңиз?

-Азыр дүйнө жүзүндө 17-18 жерлерде ушундай конфликттер, же болбосо согуштар жүрүп атат. Мына ушул конфликттерде Бириккен улуттар уюмунун бейпилдик миссиялары иштейт. Ошол миссияда биздин кыргызстандык жоокерлер дагы иштеп атышат. Бүгүн 30дай адам Конго, Чат, Эфиопия сыяктуу көп жерлерде иштеп атат. Мен ошолордун туугандарын, өздөрүн бүгүнкү Бейпилдик күчтөрүнүн майрамы менен куттуктайм.

-Ушундай бейпилдик орнотуучу күчтөрдүн миссияны ишке ашыруу үчүн каражат көп кетет болуш керек. Буга БУУ каражатты кайдан алат?

-Бейпилдик күчтөрдүн бир жылдык бюджети 4 миллиард доллар түзөт. БУУнун мүчөлүгүнө азыр 200дөй өлкө кирип калды. Ошолордун взносторунан түзүлүп атат. Кыргызстан да кичинекей болсо да өзүнүн салымын берип турат. Бирок эң эле чоң 25 пайызды Америка төлөйт, ошондой эле Кытай, Япония деген өлкөлөр төлөйт. Андан тышкары конфликттерде Европалык кеңеш, ЕККУ катышып, чоң конфликттерди чечүүгө олуттуу салым кошушат.

-Кээ бир 30-40 жылдап согуш басылбаган өлкөлөр бар. Ошондой жерлерде бейпилдик орнотуучу күчтөрдүн иши кандай жүрүп жатат?

-Согуш, конфликт деген абдан татаал иш болот экен. Мен 2 жарым жыл Грузия менен Абхазиянын ортосундагы конфликтте 1992-93-жылдары согуш болуп 2 миң абхаз, 12 миң грузин кайтыш болгондо, мен ошол конфликтте иштеп келдим. Күнү-түнү бейпилдик орнотуучу күчтөр иштешип, конфликтте болуп аткан өлкө, же ичиндеги топтор бири-бирине залака келтирбесин деп коргоодо турушат.

Мына Индия менен Пакистандын ортосундагы конфликтке азыр 50 жылдан ашып калды. Израил менен Палестинанын ортосундагы конфликт 48 жылдан бери келе жатат. Кипр менен Түндүк Түркиядагы община чатагы 30-40 жылдан бери уланып келатат. Буларды чечүү абдан татаал. Ошондуктан бюджетти дүйнө жүзү ошол жерге жумшап атат. Бирок согуштар болбой, ошол жердеги эл бири-бирин өлтүрбөй, дүйнө жүзүндө тынчтык сакталып келатат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG