Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

13:40 К.Бакиев: Бизге чакан, мобилдүү, күчтүү армия керек


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 16-жылдыгына арналган салтанатка катышып, сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө президент жакында эле куралдуу күчтөрдү тейлеген органдардын жетекчилигине тапшырма бергенин, ага ылайык 3-4 жылдын аралыгында өлкөнүн куралдуу күчтөрүн реформалап, жаңы, сапаттуу, чакан, ыкчам, замандын бардык талаптарына жооп берген армия түзүлүшү керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, азыркы тапта дагы деле болсо өлкөгө террорчулук, диний экстремизм сыяктуу көрүнүштөр коркунуч жаратып жаткандыктан, мындай реформаларды жасоо максатка ылайык. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG