Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

15:20 Т.Какчекеев: Президент өзүнө ылайыктуу адамды парламенттин башына алып келди


Белгилүү саясат талдоочу Токтогул Какчекеев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Айтибай Тагаевдин парламенттин төрагасы болуп шайланышына карата пикирин билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү өлкө башчысы жогорку кызматтарга жалаң мурда эч кандай иши менен таанылбаган, белгисиз, эрки-жүүнү бош адамдарды алып жатат. “Өзү башында турган “Ак жолдун” депутаттарына көрсөтмө берип, парламент төрагалыгына да ошондой эле адамдарды алып келди. Маселен, Коргоо министрлигинин башына академияны же башка аскерий жогорку окуу жайды бүтүрбөгөн эле адам келди. Мындай мисалдар четтен чыгат”,- дейт саясат талдоочу. Ошондой эле ал мындай кадрдык жүрүштөр өлкө келечеги үчүн жакшы болбосун баса белгиледи. (IJz)

XS
SM
MD
LG