Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

АЙТИБАЙ ТАГАЕВ: "МАГА БААРЫ КҮТҮҮСҮЗ БОЛДУ"


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн депутат, "Ак жол" партиясынын мүчөсү Айтибай Тагаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында бул орунга көрсөтүлгөн талапкерге 77 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш беришти. Натыйжада Айтибай Тагаев көпчүлүк добуш менен ЖК төрагалыгына шайланды. Парламент бул боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Жогорку Кеңештин төрагалыгына жаңы шайланган Айтибай Тагаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/B1C6C629-FEA1-4909-BB2F-C9FDBDD7A5B5.ASP алгачкы интервьюсун “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Жапаровго берди.

-Айтибай мырза, ишиңизди эмнеден баштайсыз?

-Биринчи ишти Жогорку Кеңешти ынтымакка чакыруудан. Азыр бизде 3 фракция бар, алардын ортосунда аз-маз жарака кеткен, депутаттарды биримдикке чакырып, анан биз мыйзам чыгаруу бутагы болгондон кийин мыйзамдар менен иштешибиз керек.

Өзүңүздөр жакшы билесиздер, биздин “Ак жол” партиясынын лидери Курманбек Салиевичтин алдына койгон жакшы программасы бар. 2007-жылдын ноябрь- декабрь айларында шайлоо болгондо эл менен жолугушууга биз программа менен барганбыз. Ошол программаны ишке ашырабыз.

-Спикерликке сунушталганыңыз сизге күтүлбөгөн окуя болуптур, деги 2-3 күн мурда билдиңиз беле?

-Жок эч нерсе билген жокмун. Президент да чакырган жок, өзүңүздөр көрдүңүздөр, бүгүн күтүлбөгөн жерден айтты.

-Айрымдар айтып атышат, парламент Ак үйгө көз каранды болуп атат, өз алдынча иш алып баралбай калды деп. Ушул саясатты кандай жүргүзөсүз? Чын эле парламент Ак үйдүн айткан тапшырмасы менен иштеп калабы?

-Мен ага кошула албайм. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, биздин урматтуу президент Курманбек Салиевич келгенде өзүнүн сөзүн айткан, биз мыйзам чыгаруу бутагы болгондон кийин өзүбүз иштейбиз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG