Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

АДАХАН МАДУМАРОВ: "ЭЛДЕН КЕЧИРИМ СУРАЙМ!"


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн парламенттин жабык жыйынында Адахан Мадумаровдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/7B80B166-8EE9-4AF2-8E78-7CE8A983A176.asp төрагалык кызматтан кетүү боюнча арызы талкуусуз кабыл алынды. Төраганын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселеде 79 депутат макул болуп, 1 каршы, 1 калыс болду. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Адахан мырза, сиздин иштен кетишиңизге алдыдагы президенттик шайлоого тиешеси бар, саясий оюнду чыгаруу максатында жасалды, деген пикирлер айтылып атат. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Бизде Кыргызстанда эркин коом болгондон кийин ар кандай ойлор айтыла берет. Анан "сен мындай деп айтпа, сен мындай ойлобо" деп тыюу сала албайсың. Ошондуктан ушул мезгилге чейин айтып келбедим беле, урматтуу кесиптештер, журналисттер мени айтты дегендей мен үчүн бир нерсе ойлобосоңор, мен үчүн бир нерсе жазбасаңар, деп. Ошондуктан көп нерселер болуп келген. Ойлор айтылат, андай ой болгонун уккан эмесмин.

-Адахан мырза, парламентте сиз төрага болуп иштеп атканда алдыңызга койгон кайсы пландарды ишке ашырдыңыз, кайсынысын ишке ашыра албай калдыңыз?

-Биринчиден, жакшыбы, жаманбы, азбы, көппү парламентте бир аз тартип деген түшүнүк пайда боло баштады. Парламентте жүрүм-турум бир аз тартипке келе баштады.

Мен ачык эле айтайын, парламентте биздин кызматкерлерге форма тигилип баштады, ошого болгон мамиле башкача боло баштады. Подвалдан 4 “КАМАЗ”, чатырдан 2 жарым “КАМАЗ” шыпырындыларды алып чыктык. Мындайча айтканда, бир аз тартипке келди. Бул парламенттин орду кандай экендиги, парламентте кандай жүрүм-турум болуш керек, бири-бирине болгон мамиле кандай болуш керек. Мамлекеттин биринчи трибунасы болгон жерге адам өзүн-өзү сыйласа, мамлекетти сыйласа, башкача болуп чыгыш керек.

Мен бир аз мурун сөзүмдү айттым, эгер иш үстүндө 89-90 депутатка, же аппараттын кызматкерлерине кандайдыр бир катуу, ачуу сөздөр айтылган болсо мен кечирим сурайм. Өкмөттүн мүчөлөрүнө, ошол жерге чыккан баяндамачыларга кандайдыр бир катуу айтылган болсо, жалпы Кыргызстандын элинен кечирим сурайм. Кандайдыр бир үмүт арткан болсо, ошол үмүт акталбай калгандыгы үчүн мен элден кечирим сурайм. Кандайдыр бир себептер менен элдин үмүтү акталбай калса, ошого себепкер - мен. Ошондуктан мен жалпы Кыргызстандын элинин алдында таазим этип кечирим сурайм.

Бир эмес, төрт жолу чоң ишеним көрсөткөн, бул мен үчүн эң чоң байлык. Эл карап жүргөн жүзүң жер карабаса, ошол бийлик. Эл ар дайым сени менен жылуу маанайда учурашып, амандашып, ички жан-дүйнө сезимдерин айтып турган болсо, ошол бийлик. Ошондуктан мен жараткандын өзүнө, себепчиси болгон элге терең ыраазычылык билдирем.

-Кийинки кадамдарыңыз кандай болот? Оппозицияга кетесизби?

-Мен оппозицияга кетейин деген оюм жок. Мен андай кадамдарды көп эле жактыра бербейм. "Конструктивдүү оппозицияга барасызбы?" деп сурап жатышат. Мен ошондой болуп келгем. Менин ички жан-дүйнөм турмушка болгон оппозициядагы көз караштарда болот. Көпчүлүк тил деп айтып атпайбы . Жок, көкүрөктө бир нерсе болсо, ал тилге чыгат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG