Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

15:48 Кыргызстандан 4 өзбек жараны чыгарылды


Ички иштер министрлиги прокуратура жана улуттук коопсуздук кызматы менен биргелешип, тыю салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму ишмердүүлүгүн күчөтүп жатканына байланыштуу Жалалабат облусунда атайын операция жүргүзүүдө. Базаркоргон, Ноокен райондорунда жана ташкөмүр шаарынын аймагында жүргөн бул ишчаранын учурунда бир канча курал-жарак, аталган уюмга тиешелүү көптөгөн видеотасмалар, адабияттар жана баракчалар табылган. Мындан сырткары Өзбекстандын төрт жараны Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашап жүргөнү аныкталып, алар өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов атайын иш чара бул облуста ушул жуманын аягына чейин уланаарын кошумчалады.(SM)

XS
SM
MD
LG